KFCде “бойкот” деп кыйкырып, ызы-чуу чыгаргандарга кылмыш иши козголду. Видео

Окшош мазмун

Бишкек шаарында KFC тамактануучу жайларынын биринде ызы-чуу чыгарган адамдардын тобу кармалып, аларга кылмыш иши козголду.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, окуя 18-19-октябрь күндөрү болгон.

Азиат улутундагы белгисиз адамдар Бишкек шаарында жайгашкан соода борборлорунун тамактануучу жайларында коомдук жайда өзүн алып жүрүү эрежелерин одоно бузушуп, “Бойкот” деген сөздөр жазылган плакаттарды көтөрүп, күзөт кызматкерлеринин талаптарына баш ийбестен, коомдук жайга бүлүк салып, коомчулукка жат көрүнгөн аракеттерин жазашып, интернет тармактарында өздөрүнүн аккаунттарына жарыялашкан.

Видеоплеер

00:00

00:43

ИИМ жарыялаган видеодон плакат жана ак матага оролгон манекен көтөргөн белгисиз кишилер тамактануу жайларынын бирине кирип барып, “бойкот” деп кыйкырып ызы-чуу салып, күзөт кызматкерлеринин талабына баш ийбей, манекенге жана жерге кызык боек чачып чыгып кетишкенин көрүүгө болот.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө жана ыкчам-иликтөө аракеттеринин жыйынтыгында 1995-жылы туулган К.А., 2000-жылы туулган Ж.С., 2000-жылы туулган К.Б., 1998-жылы туулган Т.И. аттуу шектүүлөр кармалган.

Алар борбордук милициянын кызматкерлери УКМК кызматкерлери менен биргеликте Свердлов РИИБдин тергөө кызматына жеткирилип, териштирүү иштери башталган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Жарыяланды Uncategorized

Комментарий жиберүү