Хаменеи Сириядагы окуяларды АКШ менен Израилдин планынын натыйжасы деп атады

Сириядагы окуялар Вашингтон менен Тель-Авивдин биргелешкен планынын натыйжасы, ал Араб Республикасына «коңшу өлкөнүн» колдоосу менен ишке ашырылган.

Бул тууралуу Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи калктын ар түрдүү катмары менен жолугушууда билдирди.

Ноябрдын аягынан бери куралдуу топтор Сириянын бир нече ири шаарларын, анын ичинде Дамасктын аймагын басып алышты. 8-декабрда оппозиция өкүлдөрү мамлекеттик сыналгы аркылуу өлкөгө көзөмөл орнотконун жарыялашты. Президент Башар Асад, Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, жаңжалдын айрым катышуучулары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анын жүрүшүндө ал кызматтан кетүүнү чечип, республикадан чыгып кеткен. Кийинчерээк Асад жана анын үй-бүлө мүчөлөрү Орусиянын борбору Москвадан башпаанек алганы маалым болгон.

Азыркы тапта Сириянын убактылуу өкмөтүнүн курамы түзүлүп, өлкөнүн премьер-министринин милдетин аткаруучу болуп Мухаммед аль-Башир дайындалды.

Аль-Башир убактылуу өкмөт конституциялык маселелер чечилгенге чейин 2025-жылдын мартына чейин иштейт.

“Сирияда болгон окуя Америка менен Израилдин биргелешкен планынын натыйжасы болду”, – деди Хаменеи.

Анын айтымында, Сирияда болуп өткөн окуяларда ага коңшу бир мамлекет да роль ойногон жана ойноп жатат, бирок негизги акторлор АКШ жана Израиль болгон, Иранда буга эч кандай күмөн калтырбаган далилдер бар.

Ирандын лидери ошондой эле АКШ менен Израиль Сириядагы акыркы окуялардын фонунда Жакынкы Чыгышта өздөрүнүн позицияларын чыңдоо үчүн Араб Республикасынын түштүк жана түндүк райондорун басып алууну каалашарын билдирди.

Анын айтымында, Сириянын экс-президенти Башар Асаддын өкмөтүн кулатууну пландаган АКШ менен Израилдин Араб республикасында өз максаттары бар.

“Алардын максаттары ар башка, кимдир бирөө Сириянын түндүгүндөгү, кимдир бирөөсү түштүктөгү аймактарды басып алууну көздөп жатат. Кошмо Штаттары аймактагы позициясын бекемдөөгө аракет кылууда, бирок алардын максаттарынын бири да ишке ашпай турганын көрөсүңөр”, – деди Хаменеи.

Иран лидери кошумчалагандай, оккупацияланган аймактар ​​сириялык жаштар тарабынан бошотулат, ал эми АКШ каршылык көрсөтүү күчтөрү тарабынан аймактан чыгарылат.