“Достуктун символу”: Иран элчиси Кыргызстанга ыраазычылык иретинде кыргыз желеги түшүрүлгөн килем белек кылды

Бишкекте Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Голам Хоссейн Ядегари менен Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев жолугушту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ирандык дипломат кыргыз тарапка иран элине көрсөтүлгөн гумжардамга ыраазычылыктын белгиси катары Кыргызстандын мамлекеттик желеги түшүрүлгөн колго токулган килемди белекке тапшырды. Бул белек Иран оор мезгилди (АКШ менен Израилдин агрессиясы) баштан кечирип жаткан учурда Кыргызстан көрсөткөн колдоого ыраазычылык иретинде берилди.

Жолугушуу Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин имаратында өттү. Тараптар гуманитардык тармактагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана кризистик кырдаалдарды башкаруу жаатындагы өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Өзгөчө көңүл Кыргызстан тарабынан Иранга жөнөтүлгөн гуманитардык жардамга бурулду. Иран тараптын маалыматына ылайык, Кыргызстандын жетекчилигинин тапшырмасы менен Иранга жалпы салмагы болжол менен 129 тонна болгон гуманитардык жүк жүктөлгөн жети жүк ташуучу унаадан турган автоколонна жөнөтүлгөн.

Жардамдын курамына азык-түлүк, дары-дармек, медициналык жабдуулар жана биринчи кезектеги керектелүүчү башка буюмдар кирген. Маалыматка ылайык, жүктүн 66 тоннасы азык-түлүк болсо, 63 тоннасы дары-дармек жана медициналык каражаттар болгон.

Жөнөтүлгөн товарлардын арасында ун, өсүмдүк майы, эт консервалары, дары-дармектер жана куткаруу кызматтарына арналган жабдуулар бар. Бул жардам жай тургундарды жана жабыркагандарды колдоого багытталган.

Гуманитардык кербен Серахс чек ара бекетинде эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда иран тарапка өткөрүлүп берилген. Андан соң жүк Иран Ислам Республикасынын Кызыл Жарым Ай коомуна тапшырылган.

Тегеран Кыргызстан жасаган бул кадамды эки өлкөнүн ортосундагы достуктун жана тилектештиктин айкын белгиси катары баалады. Ирандык маалымат каражаттарында гуманитардык акция коомчулук тарабынан кеңири колдоо тапканы жана Иран менен Кыргызстандын элдерин байланыштырган тарыхый жана маданий алакалардын дагы бир далили болгону белгиленди.