АКШнын Аскер-деңиз күчтөрү Ормуз кысыгында кеме каттамын аскердик жол менен толук камсыздай албайт. Бул тууралуу бейшемби күнү АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн штабынын башчысы адмирал Дэрил Кодл билдирди.
«Биз блокаданы күчөтүү үчүн дагы көп иштерди жасай алабыз. Бирок эгерде биз талаштуу кысык аркылуу өтүп жаткан кемелерди түздөн-түз коштоп жүрүү кызматын баштасак, анда мен аскер адамы катары Аскер-деңиз күчтөрү бул милдетти натыйжалуу аткара албайт деп эсептейм», — деди ал АКШ Сенатындагы угууда. Ал бул сөздү АКШ аскерлери кысыкты күч колдонуу менен ача алабы деген суроого жооп берип жатып айтты.
Адмирал ошондой эле кысыктагы кемелерди коштоп жүрүү өтө татаал милдет экенин белгилеп, аймактагы ок атышууну токтотуу туруктуу мүнөзгө ээ болгон учурду күтүү зарыл экенин кошумчалады.
Дүйнөлүк мунай жеткирүүлөрүнүн дээрлик 20 пайызы өтүүчү Ормуз кысыгындагы кырдаал АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскердик аракеттери башталгандан кийин олуттуу түрдө курчуду.
АКШ жана Израиль 28-февралда Иранга каршы согуш башташкан. Иран агрессияга жооп катары Израилге жана АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскердик объекттерине чабуулдарды жасай баштаган. Согуш кыркы күндөй созулуп, акыры 7-апрелде АКШнын президенти Дональд Трамп Ислам Республикасы менен эки жумалык өз ара ок атышууну токтотууну жарыялаган. 11-апрелде Тегеран менен Вашингтон Исламабадда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн, бирок бир катар пикир келишпестиктерден улам тараптар узак мөөнөттүү келишим боюнча макулдашууга жетише алышкан эмес.
Бирок андан кийин АКШ Иран портторуна блокада киргизген. Ал эми Иран Ормуз кысыгы аркылуу транзитке өзгөчө эрежелер киргизилгенин билдирген.
21-апрелде АКШнын президенти Иран менен ок атышууну токтотууну узартуу ниетин билдирген. Ошондон бери сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы боло элек. Тараптар Пакистандын ортомчулугу менен өз талаптары камтылган сунуштарды алмашышкан.