АКШ кыргызстандык төрт компанияга санкция салды

 АКШнын Каржы министрлиги төрт кыргыз компаниясына санкция салды.

Бул туурасында ведомствонун расмий сайтында айтылат.

Вашингтондун билдирүүсү боюнча бул компаниялардын Россияга санкцияга кабылган товарларды ташууга катыштыгы бар болгон.

20-июлда жарыяланган маалыматка ылайык, АКШнын кара тизмесине Кыргызстандагы RM Design and Development, “ГТМЕ Технологии”, “Прогресс лидер” жана “Карголайн” компаниялары киргизилди.

Мындан тышкары, бул тизмеде аталган компаниялардын товар алып турган россиялык ишканалар да (“Базис Трейд Прософт”, “Радиотехснаб”, “Регион-проф”, “Технологии, системы и комплексы”, “СиАйСи”) кирди.

The Washington Post басылмасы 18-июлда АКШ президентинин администрациясы Кыргызстанга жаңы экономикалык чара көрүүгө камынып жатканын жазды. Анда мындай кадам санкцияга туш болгон товарлардын Кыргызстан аркылуу Россияга ташылуусуна бөгөт коюу үчүн жасалып жатканы, америкалык жана европалык дипломаттардын Кыргызстанга жасаган сапарлары жыйынтык бербегендиктен, Вашингтон ушул аптада экономикалык чараларды кабыл алары белгиленген.

Басылма Кыргызстандан Россияга ташылып бараткан кытайлык 14 DJI Agras T30 учкучсуз учактар тобунун Казакстанда кармалганына токтолгон. Казакстандын бажысы жеткирүүчүнүн жүккө тиешелүү документтери жок экенин билдирген.

20-июлда Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) АКШнын санкциялык чектөөсүн бузууга байланыштуу иликтөө баштаганын билдирип, кыргыз бийлиги санкциялык чектөөлөрдү бузбаганын, ошол эле маалда жеке компаниялар билбестиктин айынан мындай кадамга барышы ыктымалдыгын белгилеген.

Комментарий жиберүү