Ирак Куранды өрттөө акциясына байланыштуу Швециянын элчисин өлкөдөн чыгарат

 Ирактын премьер-министри Мохаммед Шиа ал-Судани Швеция бийлигинин Куранды өрттөө акциясына бир нече жолу уруксат бергендигине жооп катары Швециянын Багдаддагы элчисинен өлкөдөн чыгып кетүүнү талап кылып, Стокгольмдагы убактылуу ишенимдүү өкүлүн чакыртып алуу чечимин кабыл алды.

Бул тууралуу Ирактын премьер-министринин кеңсесинен билдиришкенин РИА Новости жазды.

Буга чейин маалымат каражаттары жүздөгөн демонстранттар бейшемби күнү эртең менен Швециянын Багдаддагы элчилигине бастырып кирип, аны өрттөп жиберишкенин кабарлашкан. Элчиликтин кызматкерлеринен эч ким жабыркаган эмес.

Демонстрация Швецияда күтүлүп жаткан Куранды өрттөө акциясын утурлай уюштурулган.

Ирак өкмөтү Швецияга Курандын өрттөлүшүнө байланыштуу окуя кайталанса дипломатиялык мамилени үзө турганын кабарлады.

“Премьер-министр Мохаммед Шиа аль-Судани Ирак Республикасынын Швециянын борбору Стокгольмдогу элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлүн чакыртып алууну тапшырды. Ал ошондой эле Швеция бийлигинин Куранды жана Ирактын желегин өрттөөгө, ислам ыйыктарын мазактоого бир нече жолу уруксат бергенине жооп катары Швеция элчисинен Ирактын аймагынан чыгып кетүүнү талап кылды”, – деп айтылат аль-Суданинин кеңсесинин билдирүүсүндө.

Эске салсак, Швеция полициясы 28-июнда, Курман айттын биринчи күнүндө Стокгольмдун башкы мечитинде Куранды өрттөө акциясына уруксат берген. Премьер-министр Ульф Яльмар Кристерссон полициянын чечимин “мыйзамдуу, бирок орунсуз” деген.

Комментарий жиберүү