Калпак кийген Иран ТИМинин маалымат катчысы. Кыргызстандык журналисттер Ирандын тышкы иштер министрлигинде болушту. Сүрөт

 Иранга сегиз күндүк пресс-тур менен барган Кыргызстандын тележурналисттери Тегеран шаарында Тышкы иштер министрлигинин кеңсесинде болушту. Аларды ТИМдин расмий өкүлү Насер Канаани кабыл алды.

Кыргызстандын тележурналисттеринен турган делегация Иранга 11-июлда таанышуу сапары менен барган. Алардын катарында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чынарбек Жолдошев, УТРК, ЭлТР, Ош ТВ, НТС, Нур ТВ, Жалал-Абад ТВ, Баткен ТВ, Азия ТВ, “Кабар” агенттиги, “Умма” ислам-журналынын жетекчилери жана журналисттери бар.

Делегациянын катарында эки күндүк иш сапары менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев да барган.

Жолугушууга ошондой эле Ирандын Кыргызстандагы мурдагы элчиси жана учурда Тышкы иштер министрлигинин элдик дипломатия боюнча жетекчинин орун басары Али Можтаба Рузбехани, Ислам Республикасынын Бишкектеги элчисинин мурдагы орун басары Таги Рустамиан жана “Fars News” агенттигинин Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн директору Абольфазл Агахасани жана эксперттер катышты.

  • Канаани Кыргызстандын медиа өкүлдөрүн жылуу кабыл алып, “Fars News” агенттигине Ирандын Борбор Азия өлкөлөрүнүн маалымат каражаттары менен алакасын жакшыртуу аракети үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Тышкы иштер министрлигиндеги биринчи миссиясы Кыргызстанга сапары болгонун, кыргыз элинин меймандостугу али эсинде экенин эске салды.

Ал Иран менен Кыргызстандын бир катар эл аралык уюмдарда мүчө болушу эки өлкөнү байланыштырып турарын айтып, ортодо биргелешкен комиссия, илимий жана академиялык кызматташтык бар экенин, Кыргызстандагы университеттерде фарс тили окутулуп, кыргызстандык студенттер Иранда билим алышарын белгиледи.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы коопсуздук экономикалык өнүгүүнүн пайдубалы экенин белгилеп, Шанхай Кызматташтык Уюмунун ар кандай кызматташтыкты өнүктүрүүгө керектүү мүмкүнчүлүктөрү бар экенин билдирди.

Ал эки өлкөнүн элдерин бири-бирине таанытууда маалымат каражаттарынын ролу абдан маанилүү жана натыйжалуу экенин айтып, мындай делегациялардын алмашуусу абдан маанилүү деди.

Мындан тышкары, ал эки өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрү чоң экенин, бирок өлкөлөр алакалардын каалаган деңгээлине жете электигин айтып, бул максаттарга жетиш үчүн аракет кылыш керектигин, анын арты менен ийгиликтерге жетүүгө болорун белгиледи.

Мындан тышкары, Канаани Иран АКШ тарабынан киргизилген көптөгөн бир тараптуу санкцияларга карабай өз күчүнө таянып, көптөгөн ийгиликтерге жеткенин айтып, бүгүнкү күндө Иран билимге негизделген өлкөлөрдүн катарына кирип, космостук илим жана технология боюнча лидер экенин кошумчалады.

Кыргызстандык делегациянын атынан сөз сүйлөгөн “Баткен ТВнын” директору Мамажан Бердишев “Fars News” агенттигине ыраазычылык билдирип, Ирандын бүгүнкү жашоосун, жетишкендиктерин кыргыз коомчулугуна жеткирүүгө аракет кылышарын айтты.

Жолугушуунун соңунда кыргызстандык журналисттер Иран ТИМинин өкүлүнө кыргыздын ак калпагын кийгизип, эстелик катары кыргыздын улуттук буюмдарын белекке беришти. 

Белгилей кетсек, Иран Ислам Республикасына 8 күндүк таанышуу иш сапары менен Кыргызстандан 21 киши барган.

Пресс-турду “Fars News” агенттигинин Бишкектеги өкүлчүлүгү (“Eurasia Today” агенттиги) уюштурду.

Сапардын максаты – Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы достук жана маданий байланыштарды чыңдоо, таанышуу, өз ара маалымат жана тажрыйба алмашуу.

Ушул күндөрү кыргыз журналисттери Тегеран жана Исфахан шаарларынын туристтик жайларында болушуп, Ислам республикасынын маданияты, тарыхы, азыркы заманбап жашоосу жана жетишкендиктери менен таанышып жатышат.

Алар сапардын алкагында Ирандын алдыңкы ЖМКларынын кеңсесинде анын ичинде “Fars News” агенттигинин Тегеран шаарындагы башкы кеңсесинде жана “PRESS TV” телеканалында болушуп, алардын ишмердүүлүгү менен таанышышты.

Белгилей кетүүчү жагдай, “Fars News” агенттиги мындан мурда да Иранга Кыргызстандан Жогорку Кеңештин депутаттарынан, ЖОЖдордун окутуучуларынан, эксперттерден, маалымат агенттиктеринен турган топтордун иш сапарын уюштурган.

Комментарий жиберүү