Садыр Жапаров Жиддадагы саммитте Афганистан, Сирия, Украинада болуп жаткан окуялар тууралуу сөз кылды

 Афганистандагы кырдаал бизди өзгөчө тынчсыздандырат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-июлда, Жидда шаарында өтүп жаткан “Борбор Азия – Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин” биринчи Саммитинде билдирди.

“Афганистандагы кырдаал бизди өзгөчө тынчсыздандырат. Биз Афганистанды жана көптөн бери азап чеккен афган элин эл аралык коомчулук обочолонтуп калтырбашы керек деп эсептейбиз. Афганистандын элине гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантуу жана афган экономикасын калыбына келтирүүгө салым кошо турган долбоорлорду ар тараптуу колдоо зарыл”, – деп билдирди мамлекет башчысы.

Анын айтымында, Кыргызстанда ошондой эле Палестинада, Йеменде, Сирияда, Суданда, Украинада болуп жаткан окуяларга тынчсыздануу менен көз салып, бул өлкөлөрдөгү жаңжалдардын тез арада чечилишине үмүттөнөт.

“Коопсуздук тармагында биз терроризмге, экстремизмге жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштө күч-аракеттерибизди бириктирүү максаттарында бекем турабыз. Биздин ресурстарды бириктирүү менен биз каршы чараларды күчөтүп, өлкөлөрүбүздүн коопсуздугун жана туруктуулугун дагы да натыйжалуу камсыздай алабыз”, – деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысынын айтымында, Кыргызстан ар кандай чыр-чатактар жалпы таанылган эл аралык укук принциптеринин жана нормаларынын негизинде саясий жана дипломатиялык каражаттар менен сүйлөшүүлөр аркылуу гана чечилиши керек деген пикирди жактайт.

Комментарий жиберүү