Украиналык дрондор Москвадагы объекттерге сокку урууга аракет кылды. Видео

 Киев режими Москвадагы объектилерге сокку урууга аракет кылды, бирок орус аскерлери анын алдын алышты.

Бул тууралуу РФ Коргоо министрлигинен билдиргенин РИА Новости жазды.

“24-июль эртең менен Киев режими эки учкучсуз учуусу аппарат менен Москва шаарынын аймагындагы объектилерге чабуул жасоого аракет кылды. Украинанын эки дрону радиоэлектрондук каражаттар менен талкаланып түшүрүлдү”, – деп айтылат маалыматта.

Москванын мэри Сергей Собяниндин айтымында таңкы саат төрттөр чамасында учкучсуз башкарылган аппараттар эл жашабаган эки имаратка чабуул жасаган. Бирок андан олуттуу зыян келтилиген эмес жана жабыркагандар жок. Комсомольск жана Лихачев проспектисинде жол кыймылы бир нече саатка жабылган.

Собянин Комсомольск проспектинде аппараттын жарылышынан бир нече үйдүн терезеси талкаланганын билдирди.РФ Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова бул окуяны эл аралык террордук акт деп атады.

Эске салсак, Киев режими буга чейин дагы дрондор менен Москвага бир нече ирет чабуул жасоого аракет кылган. 4-июлда Москванын борборунда беш дрон атып түшүрүлгөн: экөө Валуев поселогунда (ачык талаага түшкөн), дагы бири Кубинкада, эки дрон Новая Москва районунда жок кылынган.

Комментарий жиберүү