Бүгүн тарыхый күн. Дүйнөлүк океандан эң алыс жайгашкан мамлекеттердин бири болгон Кыргызстане деңизге чыгууга мүмкүнчүлүк алды. Бул алдыга карай жасалган чоң секирик.
Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров БّАЭге болгон иш сапарынын алкагында AD Ports Group жана Maqta Gateway ири компаниялары менен келишимдерге кол коюу салтанатында айтты.
Жапаровдун айтымында, кол коюлган макулдашуулар эки тараптуу кыргыз-эмират мамилелеринин өнүгүшүнө чоң түрткү гана бербестен, Кыргызстанга кубаттуу экономикалык бурулуш жасоого жардам берет.
Маалыматка караганда, Бириккен Араб Эмираттары менен сооданы өнүктүрүү жана экономикалык байланыштарды чыңдоо алкагында 2 негизги документке кол коюлган.
Биринчи макулдашууга ылайык, Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги жана «AD Ports Group» документке кол койду. Анын алкагында Эмират компаниясы логистикалык борборду жана бажы аймагын өнүктүрүү жана иштетүү үчүн аймактагы эң заманбап портко – Абу Дабидеги Халифа Портко (Khalifa Port) жакын жайгашкан КЕЗАД – (Khalifa Economic Zone Abu Dhabi (KEZAD) эркин экономикалык аймагында 300 000 чарчы метрден ашык жерди бөлүп берген.
Экинчи макулдашууга ылайык, «Maqta Gateway» Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги үчүн бажы жана чек ара көзөмөлүн, инфраструктураны, анын ичинде улуттук бирдиктүү терезени түзүү аркылуу модернизациялоо жана санариптештирүү стратегиясын демилгелейт.
“Бул келишимдерге кол коюу эркин экономикалык аймактарды башкаруу жана секторду санариптештирүү сыяктуу тармактарда AD Ports Group ээлеген алдыңкы позицияны белгилейт жана биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелерди чыңдоодо маанилүү кадам болот. Биздин акылман өкмөтүбүздүн экономикалык өнүгүү планына ылайык, биз башка аймактарда өнүгүүнү улантып, Борбор Азияны AD Ports Groupтун өнүгүүсү үчүн стратегиялык маанилүү багыт катары карайбыз. Бизге көрсөтүлгөн ишеним үчүн Кыргызстандын өкмөтүнө ыраазычылык билдиребиз жана санариптештирүү, эл аралык мамилелерди өнүктүрүү боюнча жемиштүү кызматташууга үмүттөнөбүз”, – деди “AD Ports Group” Компаниялар тобунун Башкаруучу жана Башкы директору Капитан Мохамед Жума Аль Шамиси.
“AD Ports Group” Эркин экономикалык аймагы кластерлеринин Башкы директору Абдулла аль-Хамели Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен түзүлгөн Макулдашуу эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин жаңы барагынын башталышы болот деген ишенимин билдирди.
Өз кезегинде, “Maqta Gateway” аткаруучу директору Нура Аль Дахери компания үчүн Кыргызстан өкмөтү менен биргеликте бажы жана чек араны башкаруу, ошондой эле соода жана логистикалык кызматтарды интеграциялоо боюнча улуттук “бирдиктүү терезени” иштеп чыгуу боюнча комплекстүү чечимдерди иштеп чыгуу чоң сыймык экенин баса белгиледи.