Иран элчиси: «Ирандын БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынан чыгарылышы укук үчүн күрөш эмес, ал жөн гана медиа-согуш»

Бүгүн, 15-декабрда Иран 2026-жылга чейин БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын курамынан чыгарылды.

Мындай демилгени АКШ акыркы айларда Иранда уланып жаткан нааразылык акциялары маалында аялдардын укуктары бузулганын жүйө кылып көтөрүп чыккан.

Добуш берүүдө 29 өлкө “макул” деп добуш берсе, сегизи каршы, 16 өлкө калыс болду.

Эске салсак, Ирандагы толкундоолор 22 жаштагы Махса Амини каза болгондон кийин сентябрдын орто ченинде башталган.

Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харрази биздин редакцияга бул маселе боюнча позициясын билдирип, муну аялдардын укугу үчүн күрөш эмес эле, америкалыктардын кезектеги саясий кысымы деп атады.

– АКШнын жана айрым өлкөлөрдүн Иран Ислам Республикасынын БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын курамынан чыгаруу боюнча аракеттерине көз карашыңыз кандай?

– Белгилүү болгондой, Иран 2011-жылдан бери Аялдардын абалы боюнча комиссиянын мүчөсү жана былтыркы добуш берүүдө эң көп добушка ээ болуп, 2022-жылдан 2026-жылга чейин бул органга үчүнчү жолу мүчө болгон. Аялдардын иштери боюнча комиссияда Иранга каршы резолюциянын бекитилиши душмандык саясий акт болуп саналат. Бул акция ирандык аялдардын укуктары үчүн күрөшүү эмес, басым көрсөтүү жана медиа-согуш жана упай топтоо саясатын улантуу болуп саналат.

Ирандык аялдар жакшы кабардар, динамикалуу жана жөндөмдүү жана Ислам революциясынан берки 43 жыл ичинде ар түрдүү тармактарда алдыга жылышты.

– Мындай чаралар Иран Ислам Республикасынын эл аралык уюмдардагы ишмердүүлүгүнө таасирин тийгизеби?

– Иранды Аялдардын абалы боюнча комиссиянын мүчөлүгүнөн ажыратуу – душмандардын көз карандысыз жана жаңы ой жана идеялары бар өлкөлөрдөн коркуп жатканынын белгиси. Бул аракет Иранды Аялдардын абалы боюнча комиссияга мүчөлүктөн ажыратса да, Ислам Республикасы өзүнүн принципиалдуу көз карашын эл аралык форумдарда билдирүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонот.

Кооптуу процедура

Кытайдын БУУдагы өкүлү Ирандын Аялдар комиссиясынын курамынан чыгарылышы кооптуу процедурага алып келерин билдирди.

Ал ошондой эле Иран өкмөтү жана эли ички маселелерди сырттан кийлигишүүсүз чече аларын белгиледи.

Россиянын БУУдагы Туруктуу өкүлүнүн орун басары Геннадий Кузьмин дебат учурунда АКШнын демилгесинин укуктук негиздеринен күмөн санап, бул чечимди кароонун мыйзамдуулугу боюнча маселени добушка коюуну сунуштады. Бирок Россиянын сунушу четке кагылды.

Тегеран болсо резолюциянын авторлору адегенде өздөрүн карашы керек деп эсептейт.

АКШ Конгрессинин имаратына кол салуу болгон күнү Эшли Бэббит өлтүрүлгөндө Батыштын “демократияны коргоочулары” АКШнын БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын курамынан чыгышын талап кылышты беле?! Албетте, талап кылган эмес.

The Washington Post басылмасынын маалыматы боюнча төрт жылдын ичинде америкалык полиция тарабынан атып өлтүрүлгөн адамдардын жалпы саны 4076 болду. (2018: 53 адам 2019: 43 адам 2020: 38 адам 2021: 56 адам).Ирандагы толкундоолор сентябрдын орто ченинде 22 жаштагы Махса Амини каза болгондон кийин башталган. Расмий маалымат боюнча, полиция Амини туура эмес жоолук салынганы үчүн кармаган. Сурак учурунда ал жүрөгү кармап, андан улам каза болгон.17-сентябрда кызды акыркы сапарга узатуу зыйнаты аяктагандан кийин нааразылык акциялары башталган. Анктени социалдык тармактарда кызды полиция сабады деген маалыматтар тарап кеткен. Тополоңчулар полиция кызматкерлерине жана «Басиж» кошуунунун мүчөлөрүнө кол салышып, Куранды кордоп, мечиттерди жана өкмөттүк имараттарды, тез жардам унааларын жана май куюучу жайларды өрттөп, хижабчан аялдарга кол салышкан.Ирандын ар кайсы шаарларында тополоңдун катышуучулары жана уюштуруучулары камакка алынган, алардан муздак жана ок атуучу куралдар алынган.7-октябрда Ирандын соттук-медициналык экспертиза уюму Аминин өлүмүнүн себеби боюнча расмий баяндамасын жарыялап, ал эч кандай жаракат албаганын билдирген.Иран бийлиги тополоңду уюштурууга Улуу Британия, Израил, Сауд Аравия жана АКШнын чалгын кызматтарын күнөөлөгөн.

Комментарий жиберүү