Россия менен Иран биргелешип учак жана тик учак чыгарат

Россия менен Иран авиация тармагында кызматташууну караштырып, учурда учактарды, тик учактарды чыгаруу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле аба транспортун тейлөөнү уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Бул тууралуу Ирандын Өнөр жай, кен жана соода министринин орун басары Манучехр Мантеги билдирди.

Тегеран менен Москванын биргелешкен долбоорлорун талкуулоо 13-декабрдан 16-декабрга чейин Перс булуцунун Киш аралында өтүп жаткан 11-Иран эл аралык авиасалонунун алкагында жүргүзүлүүдө.

“11-Иран эл аралык авиасалонунун алкагында Иран менен Россиянын авиациялык тармактарынын ортосунда коммерциялык учактарды техникалык тейлөө жана оңдоону уюштуруу, Россиянын учак өндүрүүчүлөр союзу менен 100-150 кишилик учактарды чыгаруу жаатында кызматташуу, ошондой эле Иранда 70-100 кишилик учактарды жана Ка-226 тик учактарын долбоорлоо жана өндүрүү боюнча кызматташуу талкууланууда, – деп билдирди Мантеги.

Эске салсак, ноябрдын аягында Ирандын Сооданы өнүктүрүү уюмунун башчысы Алиреза Пейманпак Иран Россия Федерациясы менен биргелешкен долбоорлорду анын ичинде учак өндүрүүнү ишке ашыруу боюнча макулдашканын билдирген.

Сентябрь айында дагы Иран бизнесинин өкүлдөрү менен Россиянын “АвтоВАЗ” компаниясы биргелешип автоунаа тетиктерин чыгаруу боюнча келишим түзүшү мүмкүн экени айтылган.

Комментарий жиберүү