Акыркы үч жылда Сирия жана Ирактан 517 кыргызстандык кайтарылган

2021-жылдан бери Сирия жана Ирактан Кыргызстандын 517 жашы жете элек жарандары жана балдары мекенине кайтарылган.

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Жыпариса Рысбекова Борбор Азияда кайтып келгендерди реабилитациялоо жана реинтеграциялоо маселелери боюнча аймактык эксперттик кеңештин Ташкент шаарында өткөн биринчи жыйынынын алкагында билдирди.

“Сирия жана Ирактан келген жарандарыбызды мекенине кайтаруу президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жана Министрлер Кабинети бекиткен иш-чаралар планынын алкагында жүргүзүлүүдө,-деди Жыпариса Рысбекова.

Ал Кыргызстанга кайтарылган жарандар реабилитациялык, теологиялык жана педагогикалык иш-чаралардан өтүп, андан соң туугандарына өткөрүлүп берилерин кошумчалады.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын февралында Кыргызстандын жарандарын репатриациялоо боюнча кезектеги “Айкөл-5” гуманитардык миссиясынын алкыгында Сириядан Кыргызстандын 99 жараны мекенине кайтарылган. Ал эми былтыр 8-декабрда “Айкөл-4” миссиясында Сириянын түндүк-чыгышындагы атайын лагерлерде жүргөн Кыргызстандын жараны болгон 31 аял киши жана 65 жашы жете элек бала мекенине атайын учак менен кайтарылган.

Ага чейин 2023-жылдын 22-октябрында “Айкөл-3” гуманитардык миссиясынын алкагында Сириядан Кыргызстанга 21 аял жана 62 бала, 30-августта 31 аял, 64 жашы жете элек балдар мекенине алынып келинген. Ага чейин жыл башында ушул эле миссия менен 18 аял жана 41 бала келген.

Улуттук коопсуздук комитетинин 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон.

Террордук уюмдарга кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган.

Комментарий жиберүү