Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев Кыргызстанга учуп келди.
Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда «АКИpress» агенттиги өздүк булактарына таянып билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, ал Москва-Бишкек каттамында саат 04:40та уулу Илим менен келген.
Кыргызстандын тунгуч президентинин өлкөгө келгени тууралуу маалыматты анын жанында жүргөн адамдар тастыкташкан.
Анын Бишкекке эмне себептен келгени азырынча белгисиз.