Аскар Акаев Кыргызстанга кайра келди

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев Кыргызстанга учуп келди.

Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда «АКИpress» агенттиги өздүк булактарына таянып билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ал Москва-Бишкек каттамында саат 04:40та уулу Илим менен келген.

Кыргызстандын тунгуч президентинин өлкөгө келгени тууралуу маалыматты анын жанында жүргөн адамдар тастыкташкан.

Анын Бишкекке эмне себептен келгени азырынча белгисиз.

Комментарий жиберүү