Билл Гейтс: Пандемиянын курч фазасы 2022-жылы аяктайт

Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс COVID-19 пандемиясынын курч фазасы келерки жылдын башында аякташы мүмкүн экенин айтты.

Анын пикирине караганда, коронавирустун жаңы штаммдарынын пайда болушуна жана эмдөөнүн жетишсиз көрсөткүчтөрүнө карабастан илдет келерки жылы кыйла басаңдайт.

Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Ошол эле учурда Билл Гейтс “дельтанын” мындай жугуштуу варианты “Омикрондун” пайда болушун, ошондой эле элди эмдөө жана бет кап тагынуу үчүн мынчалык узак убакытка көндүрүү керектигин күтпөгөнүн моюнуна алган.

“Бирок аягы алыс эмес деп үмүттөнөм. Дагы бир божомол айтуу акылсыздык болот, бирок меним оюмча пандемиянын курч фазасы 2022-жылы аяктайт”, – деди ал.

Комментарий жиберүү