Ирактын баш калаасы Багдадда бүгүн жарылуу болуп, кеминде 21 киши каза таап, 44 адам жараат алды.
Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги маалымат булактарга шилтеме берип жазды. Эки жанкечтилик жардыруу Баб аль-Шарки районунда базардын жанында болду. Коопсуздук булагы “Sputnik” агенттигине билдиргендей, жардыруу болгон аймак коопсуздук күчтөрү тарабынан курчоого алынып, чет элдик элчиликтер жайгашкан Жашыл зонанын кире бериштери жабылды.