Ооганстанда миллиондогон жаш балдар шашылыш түрдө азык-түлүк жардамына муктаж

Он миллионго жакын ооган балдары азык-түлүк жардамына муктаж.

«Parstoday» агенттигинин маалыматына ылайык, Save the Children эл аралык уюму 18 миллиондон ашык оогандыктар, анын ичинде 9,7 миллион бала тез арада азык-түлүк жардамына муктаж экенин билдирди.
Аталган уюмдун билдирүүсүндө: “Быйыл он миллионго жакын ооган балдары тамак-аш коопсуздугу коркунучунда турат”, – деп жазылган.
Save the Children уюму ооган элинин муктаждыктарын канааттандыруу үчүн 3 миллиард долларлык жардам сурады.
Уюмдун Ооганстан боюнча жетекчиси Кристофер Ниаманди “Зордук-зомбулук менен бирге, өлкө коронавирустун жайылышынан улам келип чыккан чоң жакырчылыкка жана каатчылыкка туш болду”, – деди.
Коронавирус кризиси, жарандык согуш жана террордук чабуулдар менен катар Ооганстандын көптөгөн жерлерине гуманитардык жардам жөнөтүү дагы мүмкүн эмес.

Комментарий жиберүү