Багдадда кандуу жарылуу болду (видео)

Ирактын баш калаасы Багдадда бүгүн жарылуу болуп, кеминде 21 киши каза таап, 44 адам жараат алды.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги маалымат булактарга шилтеме берип жазды. Эки жанкечтилик жардыруу Баб аль-Шарки районунда  базардын жанында болду. Коопсуздук булагы “Sputnik” агенттигине билдиргендей, жардыруу болгон аймак коопсуздук күчтөрү тарабынан курчоого алынып, чет элдик элчиликтер жайгашкан Жашыл зонанын кире бериштери жабылды.

Комментарий жиберүү