Башар Асад: АКШ Россияга каршы Сириядагы террорчуларды Украинага алып барышы мүмкүн

 114 Категория: Картина дня – Published: 17/03 – 17:54

 АКШ Россияга каршы туруу үчүн Сириядан исламчыл террорчуларды Украинага алып барышы мүмкүн, деп билдирди Сириянын президенти Башар Асад РИА Новостиге берген маегинде.

“Бизде далилдер жок, бирок бул күтүлүп жаткан нерсе. АКШ террорчуларды  бир жерден экинчи жерге көчүрүүдө”, – деди Асад.

Араб республикасынын мамлекет башчысы Сириядагы согушкерлер “ислам террорчулары” деп аталгандар” экенин жана алар кылмыш жасоодо динди жамынышарын эске салды.

“Украинада диний согуш жок бирок алар (террорчулар – ред.) интернетте тараган видеолорго караганда, ал жерде жүрүшөт”, – деди Асад.

Анын айтымында, согушкерлер Украинага жихадка катышуу үчүн барышкан эмес, ал жакка АКШнын жардамы менен которулган.

“Албетте, Украинада Россияга каршы согушуу үчүн башка аймактардан, анын ичинде Сириядан алынып келинген террорчулар бар”, – деди Сирия президенти.

Мындан тышкары, Асад Сириянын жетекчилигинин колунда Эт-Танфтагы америкалык аскерий базада террорчулар даярдыктан өткөрүлөрү тууралуу далилдер бар экенин белгиледи.

Буга чейин АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгы Сириянын түндүк-чыгышындагы күрттөр көзөмөлдөгөн абактарда жана лагерлерде кармалып турган ИМ согушкерлерин андан ары Украинага жөнөтүү үчүн жалдап жатканын июнь айында РИА Новостинин булагы билдирген.

Анда күрт кошуундары америкалыктарга 90го жакын согушкерди жана алардын бир катар лидерлери өткөрүлүп берилгени, алар Эт-Танф базасына жайгаштырылганы айтылган.

Февраль айынын орто ченинде Россиянын Тышкы чалгын кызматы АКШ армиясы Россияда жана КМШда террордук чабуулдарды жасоо үчүн 60 согушкерди жалдаганы тууралуу маалымат тараткан.

Тышкы чалгындоо кызматы америкалыктар “ИМ” жана “Аль-Каида” террордук уюму менен байланышы бар жихаддык топтордун согушкерлерин жигердүү жалдап, Россиянын Түндүк Кавказ аймактарынан жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген адамдарды кызматташууга тартуу үчүн өзгөчө көңүл буруп жатканын билдирген.

Буга чейин Жакынкы Чыгыштагы согуштук аракеттерде тажрыйбасы бар террорчулар Сириядагы Эт-Танф базасындаыкчам машыгуудан өткөрүлгөн.

АКШнын планы боюнча алар дипломаттарга, мамлекеттик, коопсуздук жана аскер кызматкерлерине каршы террордук чабуулдарды жасашат.

Комментарий жиберүү