Бишкектеги ШКУ премьерлер кеңешинин жыйыны аяктады

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн билдирүү жасады.

Акылбек Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча 14 документке кол коюлуп, кабыл алынганын белгиледи.

«Эң маанилүү жыйынтыктоочу документ катары ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин Биргелешкен коммюникеси болду, анда Күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча тараптардын, ошондой эле ШКУнун алкагында көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча макулдашылган позициялары чагылдырылган. Ошондой эле биз ШКУга мүчө мамлекеттердин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташтыгы программасын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлгөн иш-чаралар жана кеңешмелер боюнча ШКУ Катчылыгынын Отчетун бекиттик жана Банктар аралык бирикмесинин жана ШКУ Ишкер кеңешинин ишмердүүлүгү жөнүндө баяндамаларды уктук», — өкмөт башчысы.

Ошондой эле ал ШКУга мүчө мамлекеттердин темир жол администрациялары менен эл аралык темир жол транспортунун, ошондой эле электрондук коммерция жана соода тармагындагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоо максатында тиешелүү документтер бекитилип, ШКУнун туруктуу органдарынын ишмердүүлүгү жана каржы маселелери боюнча да бир катар чечимдер кабыл алынганын билдирди.

«Белгилей кетсек, биз дүйнөлүк жана аймактык өнүгүүнүн бардык маселелери боюнча конструктивдүү диалогду жүргүзүп, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу аспектилерин талкуулай алдык.

ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышуучулар маданият, билим берүү, илим жана техника, айлана-чөйрөнү коргоо, саламаттыкты сактоо, спорт, туризм жана жаштар саясаты жаатында кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти, бул ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы достук жана жакшы коңшулук мамилелерди сактоо жана чыңдоо үчүн негиз болуп саналат», — деди Жапаров.

МинКаб башчысы Бишкек шаарында өтүп жаткан ШКУ Өкмөт башчылар кеңешинин бүгүнкү жыйыны  Уюмдун алдында турган артыкчылыктуу милдеттерди иш жүзүнө ашыруунун жана ШКУнун мындан аркы ырааттуу өнүгүшүн камсыз кылуунун маанилүү этабы болуп калды деген ишенимин билдирди.

«Жыйынтыгында Кыргызстандын ШКУга катышуусу мамлекеттин тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин белгилегим келет. Кыргызстан Уюмдун негизги уюштуруучу мамлекеттеринин бири катары ШКУ Хартиясынын жана Уюмга мүчө мамлекеттердин узак мөөнөттүү жакшы коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишиминин принциптерин жана жоболорун так сактайт, ошондой эле ШКУнун алкагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө салымын кошууга даяр», — деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы алдында кеңейтилген курамда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын жыйыны өттү. Ага Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Беларустун премьер-министри Роман Головченко, Ирандын Биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер, Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов,  Кытай Мамлекеттик Кеңешинин премьери Ли Цян, Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ, Россия өкмөтүнүнтөрагасы Михаил Мишустин, Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Ходжамырат Гелдимырадов, Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Джайшанкар жана Пакистандын тышкы иштер министри Джалил Аббас Джилани катышты.

Комментарий жиберүү