Лукашенко Палестина мамлекетин түзүүнү жаңжалдан чыгуунун бирден-бир жолу деп атады

Беларустун президенти Александр Лукашенко Палестина мамлекетин түзүү Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдан чыгуунун бирден-бир жолу болушу мүмкүн экенин айтты.

«(Жаңжалдан -ред.) чыгуунун бир гана жолу бар — 1947-жылы чечим кабыл алынгандай Палестина мамлекетин түзүү керек. Эмнеге бул бечара Гутеррешке асылып жатышат — ал «туура эмес нерсе айттыбы»? Ал туура айтты. Адамдар жаман шарттарда жашап жатышат. Аларга мамлекет түзүп берип, Палестина автономиясы эмес, бул сенин мамлекетин, бул еврей мамлекети деп айтыш керек. Анан биротоло макулдашыш керек», — деген Лукашенконун сөзүн анын басма сөз кызматы келтирди.

Анын айтымында, эгер палестиндер өз мамлекетинде жашаса, ошондо аларга дооматтарды артууга болот.

Ал Израилге да, Палестина элине да жаңжал жана согуш керек эмес экенин баса белгиледи.

«Алар тынчтыкта ​​жашап, балдарын чоңойтууну каалашат» деди Лукашенко.

Ал ошондой эле маселени күч менен чечүү мүмкүн эместигин белгиледи.

«Ал жактагы (Палестинада – ред.) калкты көрүп жатасыңар: эч кандай үзгүлтүксүз бомбалоолор жардам бербейт. Ал жаңжалдын курчушуна жана жаңы өлкөлөрдүн бул жаңжалга тартылышына алып келет», — деп баса белгиледи Лукашенко.

Эске салсак, БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш шейшембиде ХАМАСтын 7-октябрда Израилге жасаган чабуулун айыптады. Бирок, ал ХАМАСтын чабуулу «вакуумда болбогонун, Палестина эли 56 жылдан бери муунтуучу оккупацияга дуушар болуп келерин» билдирген.  Израилде анын сөздөрү ХАМАСтын аракеттерин актоо катары бааланып, катуу сынга алынган.

Израилдин туруктуу өкүлү Гилад Эрдан Гутеррешти кызматтан кетүүгө чакырган.

Комментарий жиберүү