Ирандык аткаминер Макрондун ХАМАСка каршы Батыш коалициясын түзүү чакырыгын “чоң жаңылыштык» деди

Франциянын президенти Эммануэль Макрондун палестиналык ХАМАС кыймылына каршы батыш коалициясын түзүү чакырыгы “чоң жаңылыштык. Эгер мындай коалиция түзүлсө, мусулман өлкөлөрү ага жооп катары дароо ХАМАС жана Палестина тарабында өз коалициясын түзүшөт.

Бул тууралуу Иран парламентинин Улуттук коопсуздук комиссиясынын мүчөсү Федахоссейн Малеки РИА Новостиге берген маегинде билдирди.

24-октябрда француз лидери Израилге иш сапары менен келип, премьер-министр Биньямин Нетаньяху жана президент Исаак Герцог менен жолугушкан. Нетаньяху менен биргелешкен маалымат жыйынында Макрон ХАМАС менен күрөшүү үчүн коалиция түзүүнү сунуштаган.

«Эгерде Франция жана бүтүндөй Батыш муну жасаса (мындай коалиция түзсө — ред.), анда мен бул ишке ашат деп толук ишенич менен айта алам. Эгерде Израиль тарапта Палестина элине каршы жаңы фронт түзүлсө жана ага каршы кылмыштары улана турган болсо, анда мындай фронт же коалиция (ХАМАСты колдогон – ред.) түзүлөт, анын курамына Түркия, Пакистан, Египет сыяктуу көп сандагы мусулман өлкөлөрү кирээринен күмөн санабагыла», — деди Малеки Палестина кыймылына каршы күрөшүү үчүн батыш коалициясын түзүү ыктымалдыгына жооп катары Палестина жана ХАМАС тарабында коалиция түзүлөбү деген суроого жооп берип жатып.

Ал ошондой эле Макрондун ХАМАСка каршы Батыш өлкөлөрүнүн коалициясын түзүү чакырыгын «чоң жаңылыштык» деп атады.

Ирандык аткаминер Франция президентинин Палестина кыймылына карата мындай риторикасы араб өлкөлөрүнөн келген мигранттардын көбөйүшү жана Европа өлкөлөрүндөгү ислам радикализми сыяктуу Макрондун өкмөтүнүн ички көйгөйлөрү менен байланыштуу болушу мүмкүн экенин четке каккан жок.

Комментарий жиберүү