Ирандын Биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер Кыргызстанга келди

Иран Ислам Республикасынын Биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер Кыргызстанга келди.

“Манас” эл аралык аэропортунан Ирандын Биринчи вице-президенти Мохаммад Мохберди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Белгилей кетсек, Мохаммад Мохбер үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.

Ошондой эле, Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров менен жолугуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

 

1 of 5-+

Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко, Иран Ислам Республикасынын Биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Алихан Смаилов, Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цян, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода, Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов, Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Ходжамырат Гелдимырадов, Индия Республикасынын Тышкы иштер министри Субраманьям Джайшанкар жана Пакистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министри Джалил Аббас Джилани катышат.

Буга чейин Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цян келген.

Комментарий жиберүү