Бүгүн Кыргызстанга ЖККУнун жаңы башкы катчысы келет

 Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жаңы дайындалган башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов 9-10-мартта Кыргызстанга келет.

Бул тууралуу ЖККУнун расмий сайтында айтылат.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, КР коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, Коргоо министри Бактыбек Бекболотов жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жетекчилиги менен жолугушуулары пландалган.

Буга чейин ЖККУ Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы чыңалууну басаңдатуу боюнча чараларды сунуштай турганы маалымдалган.

Белгиленгендей, бул Тасмагамбетовдун ЖККУнун башкы катчысы катары Бишкек алгачкы сапары.

Эске салсак, казакстандык белгилүү саясатчы Имангали Тасмагамбетов ЖККУнун баш катчысынын милдетин аткаруучу болуп былтыр ноябрда Ереванда Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин саммитинде дайындалган. Ал 2023-жылдан баштап үч жыл бою бул кызматты аркалайт.

Акыркы үч жылда баш катчы болуп беларустук мамлекеттик ишмер Станислав Зась иштеди.

Тасмагамбетов ар кайсы жылдары Казакстандын өкмөтүн жетектеп, президенттик администрацияны башкарган. Ал ошондой эле Казакстан Республикасынын коргоо ведомствосунун башчысы болгон.

Мындан тышкары, саясатчы 10 жыл өлкөнүн эки ири шаарынын акими болуп иштеген: төрт жыл Алматынын мэри, дагы алты жыл Астананын акими болгон.

2017-жылдын февраль айында Казакстандын Россия Федерациясындагы элчиси болуп дайындалса, 2021-жылдын июнь айында КамАЗдын директорлор кеңешинин курамына шайланган.

Комментарий жиберүү