Депутат БУУнун трибунасында жоолук маселеси жөнүндө сөз сүйлөдү. Видео

Кечээ, 8-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова Нью-Йоркто өткөн “Исламдагы аялдар: Исламдагы аялдардын укуктарын жана иденттүүлүгүн түшүнүү” аттуу конференцияда катышып, сөз сүйлөдү.

Бул туурасында депутат өзүнүн соцтармактагы баракчасына билдирди.

“БУУнун бийик трибунасынан динди эркин тутуу жана жоолукчан айымдардын мектептерде окууга, окутууга жана мамлекеттик кызматтарда эч кандай кысымга учурабастан иштөөгө толук укугу бар экендигин айттым”, – деп жазды Ашимова.

Бул жыйында ал: “Бул тема азыркы дүйнөдөгү эң маанилүү тенденция жана эң маанилүү коомдук кайра куруулардын бири болуп саналат.

7 миллион калкы бар Кыргызстан, анын жарымынан көбүн аялдар (50,4%) түзөт.

Кыргызстан светтик мамлекет, мыйзамдары Конституцияга негизделет, ал жынысына, динине, улутуна карабастан бардык жарандардын тең укуктуулугун камсыз кылат.

Менин өлкөмдүн гендердик саясаты Конституцияга жана мыйзамдарга, эл аралык укукка, анын ичинде адам укуктары боюнча мыйзамдарга ылайык ишке ашырылып жатат.

Мамлекеттик саясаттын негизги багыттары 2030-жылга чейинки күн тартибинин максаттарын ишке ашыруунун алкагында адамдын, анын ичинде аялдардын жана кыздардын өнүгүүсүнө багытталган.

Кыргызстан мусулмандарынын активисттеринен дагы бир нече ийгиликтүү мисалдарды келтирүүгө абдан кубанычтамын. “Муттакалим” коомунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы жана “Умма” журналынын редактору Сатарова Элианна көп жылдардан бери мусулман аялдардын гендердик билим деңгээлин жогорулатуу боюнча иш алып барышууда. Бүгүн биз мындай уюмдарга активдүү колдоо көрсөтүп, мусулман аялдар арасында санариптик билимди жайылтуу үчүн уюмдарды түзүшүбүз керек.

Кыргызстан үчүн экинчи кыйынчылык – коомубуздун динге ишенген жана ишенбеген бөлүгүнүн ортосундагы чыңалуунун күчөшү жана көз караштарды кабыл албоо” – деп билдиргенин “Муттакалим” коомдук уюму соцтармактагы баракчасына жазды.

https://www.facebook.com/plugins/video.php?height=356&href=https%3A%2F%2Fwww.facebook.com%2F100010050106196%2Fvideos%2F1349204359210302%2F&show_text=false&width=356&t=0

Комментарий жиберүү