Иран өзөктүк бомба жасоону көздөбөйт. МАГАТЭ жетекчиси Тегеранда болду

 “Ирандыктар өзөктүк бомба жасоону көздөбөйт. Ал эми уранды байытуу деңгээли 84 пайызды эмес, 60% пайызды түзөт”.

Бул тууралуу БУУнун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) жетекчиси Рафаэл Гросси Ирандын өзөктүк объектилерине болгон сапарынын жыйынтыгы боюнча Венадагы маалымат жыйынында билдирди.

Гросси жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүү үчүн Иранга 4-мартта барып,  Ирандын Атомдук энергия боюнча уюмунун башчысы Мохаммад Эслами менен жолугушкан.

Кечээ, 5-мартта Ирандын Атомдук энергия боюнча уюмунун жетекчиси Мохаммад Эслами Иран менен МАГАТЭнин ортосундагы талаш-тартыштар жабылганын билдирген.

“МАГАТЭнин инспекторлору азыркы отчетунда уранды байытуу деңгээли 84% эмес, 60% экенине ынанышты”, – деген Эслами. 

Ал Ирандын Атомдук энергия боюнча уюму МАГАТЭ менен кызматташа турганын жана Ирандын өзөктүк энергетика жаатындагы бардык аракеттери өзөктүк куралды жайылтпоо келишиминин негизинде анын көзөмөлүндө жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, Ирандын өзөктүк объектилерде МАГАТЭнин мониторинги уланат.

“Өзөктүк объекттерге көзөмөл камералары кайтарылат”, – деди МАГАТЭнин жетекчиси Рафаэл Гросси. Бирок Иран бул маселе талкууланбаганын билдирди.

Гросси Тегеранга болгон сапарында көптөгөн маселелер, анын ичинде “маалыматтарга жана жерлерге”, “адамдарды кызыктырган” жана “конкреттүү материалдарга” жетүү боюнча макулдашылганын кошумчалады.

Гроссинин Иранга жасаган сапарынан кийин өзөктүк сүйлөшүүлөр башталышы мүмкүн. 

4-мартта МАГАТЭнин башчысы  агенттик Иран менен биргелешкен комплекстүү иш-аракеттер планын (өзөктүк келишим) жандантууга жардам бере турган келишим түзүүнү пландап жатканын билдирген.

Эске салсак, февраль айында Bloomberg агенттиги эки жогорку даражалуу дипломатка шилтеме жасап, МАГАТЭнин инспекторлору Иранда 84%га чейин (өзөктүк курал жасоо үчүн жетиштүү) байытылган уранды тапканы тууралуу материалды жарыялаган. Ирандын Атомдук энергия боюнча уюмунун басма сөз катчысы Бехруз Камалванди  бул маалыматты четке каккан.

Гроссинин Тегеранга сапары кызматташтыктын жаңы барагын ачты

МАГАТЭнин башкы директору Рафаэль Гроссинин Тегеранга сапары Ирандын бул уюм менен кызматташтыгынын жаңы барагын ачты, деп билдирди бүгүн, 6-мартта Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насер Канаани маалымат жыйынында.

“Гроссинин Иранга сапары Иран менен МАГАТЭнин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын жаңы барагын ачты”, – деп билдирди Канаани. 

Өзөктүк келишим

2015-жылы Улуу Британия, Германия, Кытай, Россия, АКШ, Франция жана Иран өзөктүк келишимге – Биргелешкен комплекстүү аракеттер планына кол коюшкан. Анда Тегеран өзөктүк программасын чектөөгө милдеттенме алган жана Иранга каршы салынган эл аралык санкциялар токтотулган.

2018-жылдын май айында Дональд Трамптын тушунда АКШ өзөктүк келишимден чыгып, Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген. Буга жооп катары Иран өзөктүк изилдөөлөргө, центрифугаларга жана уранды байытуу деңгээлине коюлган чектөөлөрдөн баш тартып, келишим боюнча милдеттенмелерин этап-этабы менен кыскартканын жарыялаган.

Австриянын борбору Венада Ирандын жана дүйнөнүн ири беш державасынын өкүлдөрү өзөктүк программаны жандандыруунун жол-жобосун талкуулоо үчүн, ошондой эле Вашингтондун Тегеранга каршы санкцияларын жоюу боюнча бир нече жолу чогулушкан.

Комментарий жиберүү