Иран бутага алынабы?: Израиль Түркмөнстанда элчилигин ачат

Израиль Түркмөнстанда элчилигин ачат. Тель-Авивдин Борбор Азия республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүгү Ирандын чек арасына жакын болуп, 20 чакырымдай аралыкта жайгашат деп жазат “Вести Кавказа” аналитикалык басылмасы.

Израилдин тышкы иштер министри Эли Коэн расмий иш сапары менен Түркмөнстанга барып, ал жерде Израилдин Ашхабаддагы элчилигинин ачылыш аземине катышат.

Муну менен Израилдин Түркмөнстандагы дипломатиялык өкүлчүлүгү Ирандын чек арасына жакын жайгашкан элчилик болуп калат.

«Израиль менен Түркмөнстандын мамилеси маанилүү жана стратегиялык жана бүткүл аймак менен мамилелерди чыңдоо аракетинин бир бөлүгү болуп саналат. Биз өлкөлөр ортосундагы экономикалык кызматташтыкты, анын ичинде саламаттыкты сактоо жана киберкоргонуу чөйрөсүндөгү кызматташууну мындан ары да илгерилетебиз», – деди Эли Коэн.

Анын айтымында, элчиликтин ачылышы эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдөөгө дагы бир кадам болот.

Мындан он жылдай мурда эки мамлекеттин ортосундагы позитивдүү мамилелердин фонунда Израиль Ашхабадда убактылуу түзүмү бар убактылуу консулдук ачып, ал азыр туруктуу дипломатиялык өкүлчүлүккө айланганы турат.

Көп жылдар аралыгында Израил менен Түркмөнстандын жогорку даражалуу өкүлдөрү бири-биринин өлкөлөрүндө болуп, саясат, экономика жана энергетика тармагында кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюшкан.

Дагы бир кызыгы – Азербайжан Израилде элчилигин ачканы жатат. Бул өлкөгө жакында Түркмөнстандын башчысы Сердар Бердымухамедов барып кеткен.

Азербайжандын тышкы иштер министри Жихон Байрамов 29-мартта өлкөнүн Тель-Авивдеги элчилигин ачуу үчүн оккупацияланган Палестинага бара турганы белгилүү болду.

Буга байланыштуу АКШ конгрессмени Эллиот Энгель “Израиль Ирандын өзөктүк объектилерине кол салуу үчүн Азербайжандын аймагын колдонууну пландап жатканын жана Баку буга макул болгонун” билдирди.

Мындан тышкары, учурда Иран менен Азербайжандын мамилеси өзгөчө Баку террордук акт деп эсептеген Тегерандагы Азербайжандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө кол салуудан кийин сууй түшкөн.

Бирок ошентсе дагы Түркмөнстан нейтралитет саясатын карманган өлкөлөрдүн бири экенин эстен чыгарбоо керек.

Комментарий жиберүү