Америкалык ардагер: «Батыштын Украинадагы Россия менен согушу башталышы гана»

 АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн ардагери Ноктис Дрейвен Батыш Украинада Россия менен жаңжал аяктагандан кийин деле токтобой турганын эскертти.

Бул туурасында ал соцтармактагы баракчасына жазды.

Ал белгилегендей, Батыш Украинага ири суммадагы каржылык жардамдарды бекер жерден берген жок.

“Россия менен Украина жаңжалынын аягы көрүнбөйт. Батыш (Украинага – ред.) ири суммадагы каражатты, жардамды бекер жерден берген жок. Батыштын Украинанын жеңилгенине моюн сунуп, башка иштери менен алек болуп отуруп калат деп акылы жок киши эле ойлошу мүмкүн. Жаңылбагыла, кадамдар жасалып жатат”, – деп жазган ал Twitter баракчасына.

Эске салсак, Дрейвен буга чейин АКШнын Россияга каршы планын ачыктаган.

Ал Вашингтон Россияны жаманатты кылып, согушка аралаштырыш үчүн АКШнын же НАТО өлкөлөрүнүн биринин аймагында жалган желектин алдында чабуул даярдап жатканын айткан.

Дрейвен катастрофалык адам өлүмүнө алып келе турган чыр-чатакты тутантканга чейин АКШны токтотуш керектигин эскерткен.

Ошондой эле ардагер саясий дискуссия менен чектелип, жөн отурбай АКШ жана башка мамлекеттерде жүрүп жаткан окуяларга жакшылап көз салууга чакырган.

Комментарий жиберүү