Түрк оппозициясы Эрдогандын шайлоодоогу атаандашын атады

 Түркияда оппозициячыл алты партиядан турган “Элдик альянс” президенттик кызматка Кемал Кылычдароглунун талапкерлигин көрсөттү.

74 жаштагы саясатчы Түркиянын алгачкы президенти Мустафа Кемал Ататүрк негиздеген Элдик-республикалык партиясын жетектейт.

Маалыматтарга караганда, оппозициянын атынан бирдиктүү талапкер алып чыгуу боюнча сүйлөшүүлөр оор болуп, Кылычдароглунун көрсөтүлүшүнө “Жакшы партиянын” төрайымы, мурдагы ички иштер министри Мерал Акшенер каршы чыккан. Ал президенттикке Стамбулдун же Анкаранын мэринин талапкерлигин көрсөтүүнү сунуштаган. Акшенер шайлоодо оппозициянын талапкери жеңип чыкса, жогорудагы эки шаардын башчылары вице-президент болот деген убададан кийин көнгөн.

“Reuters” агенттигинин маалыматына караганда, оппозиция быйыл май айына белгиленген президенттик шайлоодо жеңишке жетсе, мамлекет башчынын айрым ыйгарым укуктарын кыскартып, парламенттик башкарууну бекемдөөнү убада кылууда.

Буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган шайлоого даярдыкты баштоо тууралуу жарлыкка 10-мартта кол коерун билдирген. Жарлык чыккандан кийин 60 күндүк шайлоо өнөктүгү башталып, 14-майда добуш берүү менен аяктайт деп күтүлүүдө.

Кемал Кылычдароглу деген ким?

Кемал Кылычдароглу 1948-жылы 17-декабрда Түркиянын чыгышындагы Тунжели облусунун Назымие районунда туулган.

1971-жылы Анкара Экономика жана соода илимдер академиясын аяктагандан кийин Каржы министрлигине кызматка кирген.

1983-жылга чейин эсеп адиси болуп иштеген, андан кийин ошол эле жылы Киреше боюнча башкы директорлукка дайындалган. Ал бөлүм башчы болуп иштеген, ошол эле мекемеде башкы директордун орун басары кызматына дайындалган.

Андан кийин бир канча убакыт Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинде катчынын орун басарынын жардамчысы болуп иштеген. 1999-жылы Социалдык камсыздандыруу фондунун башкы директорлугунан өз каалоосу менен пенсияга чыккан.

Бир канча убакыт Хажытепе университетинде сабак берген, «”Türkiye İş Bankası» банкынын Башкармалыгынын мүчөсү болуп иштеген.

2002-жылдын 3-ноябрында өткөн шайлоодо Стамбулдан Улуу Улуттук Жыйынга (Парламенттин 22-чакырылышы) Республикалык элдик партиядан депутат болуп шайланган. Ал парламентте партиялык топтун жетекчиси болуп иштеген.

Андан соң партиянын төрагалыгына талапкерлигин көрсөткөн. 2010-жылы 22-майда партиянын жыйынында Республикалык элдик партиянын төрагалыгына шайланган. Учурда ал бул кызматта иштеп жатат.

Кемал Кылычдароглу үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Комментарий жиберүү