Киев Тегеран Москвага дрондорду жеткиргенин далилдей алган жок

Украина Россия атайын операция учурунда ирандык учкучсуз учактарды колдонгонун далидеген эч кандай документ бере элек. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан билдирди.

Абдоллахиан CNN телеканалына берген маегинде ага Украинада табылган делген ирандык учкучсуз учактардын сүрөттөрүн көрсөтүшкөн. Ал бул сүрөттөрдүн Иранга эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

“Биздин эксперттер бул сүрөттөрдү  (дрондордун – ред.) изилдеп чыгышты, алардын Иранга эч кандай тиешеси жок. Биз төрт айдан бери сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасын күтүп жатабыз жана алар (украиналык тарап – ред.) келип, чыныгы документтерди көрсөтөт деп күтүп жатабыз, бирок украиналык команда эки жумадан кийин, жакын арада дешип, эч нерсе болбой жатат”, – деди ал. 

 Абдоллахиан буга чейин Тегеран Россияга учактарды бергенин, бирок ал Украинадагы атайын операция башталганга чейин бир нече ай мурда болгонун билдирген.

Батыш өлкөлөрү Иран Украинадагы аскерий операциялар үчүн Россияга пилотсуз учактарды жеткирип жатат деп ырастоодо. Москва менен Тегеран мындай айыптоолорду четке кагышты.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насер Канаани Россияга учкучсуз учактарды өткөрүп берүү боюнча айыптоолорду негизсиз деп атап, Тегеран жаңжалдын эч бир тарабына учкучсуз учактарды жеткирбегенин кайталаган.

Ал Украина, ошондой эле Иран Москваны курал-жарак менен колдойт деп ырастаган өлкөлөр азырынча бул тууралуу ынанымдуу далилдерди келтире электигин РИА Новостиге берген маегинде билдирген.

“Иранды айыптагандар жана Иран жаңжалдашкан тараптардын бирин курал менен колдоп жатат деп ырастагандар – азырынча бул жаатта эч кандай ынанымдуу далилдерди жана ишенимдүү документтерди көрсөтө элек. Бул документтер ал тургай Оманда өткөн (2022-жылдын ноябрында – ред.) Иран менен Украинанын техникалык адистеринин комиссиясынын биргелешкен жыйынында да көрсөтүлгөн эмес”, – деген Канаани.

Эске салсак, Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Ирандан согуштук учкучсуз учактарды сатып алуу темасы америкалык маалымат каражаттарына жасалма түрдө таратылганын билдирген.

Кийинчерээк тышкы иштер министри Сергей Лавров Батыштын Ирандын Россияга учкучсуз учактарды жеткиргени боюнча айыптоолору далилденбеген бойдон калганын билдирген.

Комментарий жиберүү