Блинкендин Өзбекстандагы сапары жыйынтыкталды. Америкалык дипломат Борбор Азияга эмнеге келди?

 АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Борбор Азияга жасаган сапары жыйынтыкталды. Өзбекстандагы сапарынын алкагында ал республиканын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Бахтиёр Саидов,   Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушууларды өткөрүп, андан соң Индияга жөнөп кетти.

Блинкен Ташкентке Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин катышуусунда С5+1 форматында өткөн Астанадагы саммиттен кийин барды. Бул анын мамлекеттик катчы кызматына дайындалгандан кийинки Өзбекстанга жасаган алгачкы сапары болуп калды.

Блинкен менен Саидовдун жолугушуусунун жүрүшүндө тараптар өзбек-америка стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да өнүктүрүү маселесин талкуулашты.

“АКШ менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелер динамикалуу өнүгүп, эки тараптуу кызматташтык бекемделүүдө”, – деди АКШнын мамлекеттик катчысы.

Ошондой эле Өзбекстандын кадрдык потенциалын жогорулатуу, Борбор Азиядагы аймактык коопсуздукту бекемдөө сыяктуу бир катар маселелер боюнча күч-аракеттерди бириктирүү чечими кабыл алынды.

Буга чейин Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы АКШнын мамлекеттик катчысынын Ташкентке сапарынын негизги максаты «өзбек-америкалык стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулоо» экенин билдирген.

АКШнын мамкатчысы маалымат жыйында эмнелерди айтты. Урунттуу учурлар

– Менин сапарым Россиянын Украинага басып киришинин бир жылдыгында өтүп жатат. Согуш бүткүл дүйнөгө чексиз азаптарды алып келет. Бул согуштан Орто Азия менен Өзбекстан да жапа чегүүдө;

–  АКШ Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Россияга каршы санкцияларын сактоосуна көз салат;

– Борбор Азия өлкөлөрү менен АКШнын өнөктөштүгүн кеңейтүү зарыл. Кошмо Штаттары Борбордук Азия мамлекеттеринин эгемендигин,  көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн колдойт;

– Блинкен Россиянын Украинадагы Атайын аскердик операциясынын Борбор Азия чөлкөмүнүн тургундарына тийгизген кесепеттери, анын ичинде энергетика жана азык-түлүктүн кымбатташына токтолду. АКШ бул таасирлерди жумшартуу үчүн иш алып барууда;

– Өзбекстандын өкмөтү менен биргеликте 15 миң өзбекстандык англис тили мугалиминин квалификациясын жогорулатып, 10 миң мектепти англис тили китептери менен камсыздай баштадык.

Өзбекстандын ТИМ башчысынын билдирүүсү

“Сиздин пикириңизди жана Борбор Азиядагы жана бүткүл дүйнөдөгү кырдаалга берген баалооңузду кунт коюп уктум. Бизде гүлдөп-өнүккөн, туруктуу жана тынчтык өкүм сүргөн Борбор Азия үчүн жалпы артыкчылыктар бар экенин баса белгилегим келет”, – деп Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов билдиргенин АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз кызматы маалымдады.

Өзбек дипломатынын айтымында, алар АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жемиштүү жолугушуу өткөрүштү.

“Бизнес алмашуу үчүн жакшы шарттарды түзүү, Өзбекстандын кадрдык потенциалын жогорулатуу, Борбордук Азияда аймактык коопсуздукту чыңдоо жана башка чөйрөлөрдө күчтөрдү бириктирүүнү макулдаштык”, – деп жазды Саидов жолугушуунун жыйынтыгы боюнча өзүнүн Telegram-каналына.

Мирзиёев менен сүйлөшүүлөр

АКШнын мамлекеттик катчысы президент Шавкат Мирзеев менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анын жүрүшүндө Блинкен АКШ Өзбекстандын көз карандысыздыгын, эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн колдоого даяр экенин билдирди.

Өлкөдө жүргүзүлүп жаткан кайра кайтарылгыс демократиялык кайра курууларга жана социалдык-экономикалык реформаларга жогорку баа берилип, ар тараптуу колдоолор айтылды.

Өзгөчө адам укуктарын жана гендердик теңчиликти камсыз кылуу, эмгекке мажбурлоого каршы күрөш, сөз эркиндиги жана массалык маалымат каражаттарын колдоо жаатындагы реформалар, жарандык коом институттарын өнүктүрүү жана башка көптөгөн багыттар боюнча чоң жетишкендиктер белгиленди.

Соода-экономикалык, инвестициялык жана инновациялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, Өзбекстандын рыногунда алдыңкы америкалык компаниялардын катышуусун кеңейтүүгө, биринчи кезекте жогорку технологиялык тармактарда кызматташуу долбоорлорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Ооганстандагы кырдаал боюнча да кеп козголду

Ошондой эле Ооганстандагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу маселелери боюнча кеңири эл аралык кызматташуу маселелери каралды. Тараптар кырдаалдын курчушуна жана бул өлкөдө гуманитардык кризистин өсүшүнө жол бербөө жөнүндө бирдей пикирлерди айтышты.

Жалпысынан Блинкендин азыр бир милдети бар – салттуу түрдө Россиянын өнөктөшү деп эсептелген мамлекеттерге кысым көрсөтүү. Алар санкцияларга кошулуп, Москва менен, келечекте Кытай менен болгон мамилесин үзүшү керек. 

АКШ максаттарына жетүү үчүн Борбор Азиядан акча аябайт

Америкалык дипломат Өзбекстанга барар алдында Казакстанда болуп, ал жерде Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери менен өз-өзүнчө жолугушууларды өткөрдү.

Ал Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен өткөргөн маалымат жыйынында Москваны көп нерселерге айыптады. Бирок Тлеуберди америкалык дипломаттын сөзүнө кошулбай,  Астананын Москва менен эч кандай көйгөйү жок экенин, Россиядан   коркунуч же коркутуу көргөн да, сезген да жокпуз деп билдирди.

Ал Казакстан Россия менен чектешерин жана чөлкөмдө башка өлкөлөр менен бирге Евразия экономикалык биримдикке, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө экенин, ошондуктан, мындай көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагында Россия менен өнөктөш катары катыша тургандыгын белгиледи.

Ошол эле учурда министр өлкөнүн Россия жана Украина менен тарыхый тамыры бар экенин айтты.

Блинкен Астанадагы расмий сапарында Россиядан көз карандуулукту азайтуу үчүн Борбор Азияга жардам берүүгө убада берди. Ал Россия менен кызматташуудан баш тартууну сунуштап, анын ордуна  Россиянын менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелер миллиарддаган долларга бааланып турганда 25 миллион доллар өлчөмүндө жардамдын жаңы топтомун берерин айтты.

Кызыгы, америкалыктардын Вашингтондун кызыкчылыгын көп учурда коргогон бейөкмөт уюмдарды жана ар кандай программаларды каржылоодон башка региондогу өлкөлөр менен иш жүзүндө эч кандай соода алакасы жок.

Эксперттин пикири

Саясат таануучу Сергей Маркелов Блинкен Борбор Азияга “байкоо” үчүн келгенин “Абзац” басылмасына билдирди.

“Мамлекеттик катчы аймактагы өлкөлөрдү жеринен байкап, позицияларын билип, аны өз тарабына тартуу үчүн келген”, – деди Маркелов.

Анын айтымында, Блинкендин сапарынын жыйынтыгында, АКШнын аймактагы ишинин концепциясы иштелип чыгышы мүмкүн. Вашингтон бул өлкөлөрдүн Россия жана Кытай менен мамилесин бузууга аракет кылат.

Комментарий жиберүү