Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жыл майрамы менен куттуктады.
Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.
«2021-жыл достук, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделген орус-кыргыз мамилелеринин оң динамикасы менен белгиленди. Соода-экономикалык, гуманитардык жана аймактар аралык байланыштар, евразиялык интеграциялык процесстердин алкагында өз ара кызматташуу, коронавирус пандемиясына каршы күрөштө күч-аракеттерди бириктирүү күчөтүлдү.
Биз Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты – элдерибиздин бакубатчылыгы үчүн, Борбордук Азия чөлкөмүндө туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоо кызыкчылыгында мындан ары да ийгиликтүү жүргүзө берерибизге ишенем», – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Ошондой эле, Владимир Путин Садыр Жапаровго ден соолук жана ийгилик, ал эми бардык кыргызстандыктарга тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү кааларын билдирген.