Владимир Путин Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жыл майрамы менен куттуктады.

Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

«2021-жыл достук, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделген орус-кыргыз мамилелеринин оң динамикасы менен белгиленди. Соода-экономикалык, гуманитардык жана аймактар аралык байланыштар, евразиялык интеграциялык процесстердин алкагында өз ара кызматташуу, коронавирус пандемиясына каршы күрөштө күч-аракеттерди бириктирүү күчөтүлдү.

Биз Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты – элдерибиздин бакубатчылыгы үчүн, Борбордук Азия чөлкөмүндө туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоо кызыкчылыгында мындан ары да ийгиликтүү жүргүзө берерибизге ишенем», – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Ошондой эле, Владимир Путин Садыр Жапаровго ден соолук жана ийгилик, ал эми бардык кыргызстандыктарга тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү кааларын билдирген.

Комментарий жиберүү