Касем Сулейманинин өлтүрүлүшү боюнча Иран менен Ирактын биргелешкен билдирүүсүн

Тегеранда Иран Ислам Республикасы менен Ирак Республикасы шейит кеткен командирлери Касем Сулеймани, Абу Махди ал-Мохандес жана анын кесиптештерине каршы кылмыш иши жана террордук актыларды иликтөө боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

Бул тууралуу Ирандын сот бийлигинин эл аралык иштер боюнча министринин орун басары Казем Гарибабади билдирди.

Ал Иран менен Ирактын биргелешкен комитетинин экинчи жыйынында: «Тергөө боюнча комитеттин биринчи жыйыны 2021-жылдын 24-25-ноябрында Багдадда өткөн, экинчи жыйыны 21-22-декабрда Тегеранда өттү», – деди.

Ал эки тарап билдирүүсүндө, Багдад эл аралык аэропортунда генерал Касем Сулеймани менен Абу Махди аль-Мохандеске каршы жасалган кылмыштуу иш эл аралык укукту, анын ичинде терроризмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык конвенцияларды бузуу болуп саналарын жана эл аралык жоопкерчиликке алып келерин баса белгилешкенин айтты.

Ошондой эле, “Эки өлкө тең бул кылмыштуу актыга тиешеси бар адамдарды, чечим кабыл алгандарды, пландагандарды жана аны ишке ашыргандарды аныктоо, куугунтуктоо жана жазалоо боюнча олуттуу жана чечкиндүү эркте экенин ырасташты”, – деди Гарибабади.

Мындан тышкары, эки тарап бул кылмыш иши боюнча документтерди жана отчеттордун жыйнагын алмашышканын, документтер жана маалыматтар Ирак делегациясына сунушталып, бул багытта эки өлкөнүн сот органдары тарабынан мындан аркы иликтөөлөр жүргүзүлүшү үчүн чечими кабыл алынганын баса белгиледи.

Ирандын сот бийлигинин эл аралык иштер боюнча министринин орун басары билдиргендей, кылмыш иши боюнча бардык айыпталуучулар тууралуу маалыматты толуктоо жана аларды бул кылмыш иши үчүн соттордо кантип жоопко тартуу боюнча кызматташуу эки тараптын негизги күн тартиби катары да макулдашылган.

Маалыматка караганда, Багдадда алдыдагы 45 күндүн ичинде биргелешкен тергөө комитетинин жыйынынын үчүнчү айлампасы өтөт.

Эске салсак, генерал Сулеймани 2020-жылдын 3-январында Багдаддын аэропортуна жакын жерде америкалык тик учактар ​​тарабынан жүргүзүлгөн операция учурунда өлтүрүлгөн. Операция учурунда Сулейманиден тышкары аль-Хашд аш-Шаабинин командиринин орун басары жана анын 8 шериги жок кылынган. Жабырлануучулар Багдад аэропортунан эки унаа менен чыгып бара жатышканда капысынан кол салуу болгон.

Комментарий жиберүү