Израилдин соккусунан талкаланган Газа секторунун спутниктен тартылган сүрөттөрү жарыяланды

Палестинанын Тышкы иштер министрлиги Палестина-Израиль кагылышуусунда кыйраган Газа тилкесиндеги турак жайлардын спутниктен тартылган сүрөттөрүн X социалдык тармагына жарыялады.

«Спутниктен тартылган сүрөттөр агрессиянын башталышынан бери Израилдин Газа тилкесиндеги турак жайларга жана кварталдарга жасаган күчөтүлгөн чабуулдарынан улам келип чыккан ири кыйроонун масштабын көрсөтүп турат», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

7-октябрда палестиналык ХАМАС кыймылы Израилге каршы «Аль-Акса топон суусу» аскердик операциясын жарыялап, өлкөгө ракеталык чабуул жасай баштаган. Бир эле учурда ХАМАСтын аскерлери жүк ташуучу унаалар, мотоциклдер жана парапландар менен Израилдин түштүгүндөгү чек ара аймактарына басып кирип, бир катар адамдарды туткунга алышкан. Мындан улам Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өлкөнү согуш абалында деп жарыялап, ХАМАСка каршы «Темир кылыч» операциясын баштап, Газа секторуна аадан сокку уруп жатат.

ХАМАСтын аскерий канатынын башчысы Мохаммед Дейфтин айтымында, кыймыл Израилге 5 миң ракета учурган (Израилдин Коргоо күчтөрүнүн эсептөөлөрү боюнча, Газа тилкесинен кеминде 2,2 миң ракета атылган).

Бир күн мурда өлкөнүн Коргоо армиясы ХАМАСтын күчтөрү басып алган бардык конуштарды өз көзөмөлүнө алганын жарыялаган. Израилдин коргоо министри Йоав Галант Газа тилкесин толук блокадалоого буйрук берди.

Израиль-Палестина жаңжалынын курчушунан улам эки тараптан тең курмандыктардын саны көбөйдү. Израилде каза болгондордун саны 1200дөн ашканын Times of Israel басылмасы бүгүн эртең менен маалымдады. Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматтарына караганда, Израилдин Газа тилкесине жасаган соккуларынан каза болгондордун саны 900гө жетип, 5000дей жаран жаракат алды.

Комментарий жиберүү