Ирандын рахбары Израилге чабуулду палестиндер өздөрү уюштурганын айтты

Иран Ислам Республикасынын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи палестиналык ХАМАС кыймылынын Израилге каршы чабуулун сырткы күчтөр эмес, палестиндер өздөрү уюштурганын билдирди.

«Албетте, палестиналык жаштардын жана операцияны уюштурган чебер палестиналык  уюштуруучулардын пешенесинен жана колдорунан сүйөбүз. Биз алар менен сыймыктанабыз. Бирок палестиналыктардын акыркы соккусун палестиналыктар уюштурган эмес деген кептер туура эмес, алар Палестинанын улуу элин тааныган эмес жана баалашкан эмес», — деди Хаменеи Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн академияларынын курсанттарынын бүтүрүү кечесинде сүйлөгөн сөзүндө.

Рахбардын айтымында, Палестиналык ХАМАС кыймылынын  «Аль-Акса топо суусу» операциясынан сионисттик режим аскердик жана чалгындоо деңгээлинде орду толгус жеңилүүгө дуушар болгонун айтты.

Ал өз сөзүндө бүткүл Ислам дүйнөсү Палестина элине колдоо көрсөтүүсү керек экенин айтып, палестиналык жаштардын жана активисттердин бул эр жүрөк иши палестиналыктарды куткарууда чоң кадам болуп саналарын билдирди.

Ирандын лидери ошондой эле Израилдин палестиналыктар каршы жасаган кылмыштарын актоого жана  өзүн зулумга кабылгандай түр көрсөтүүгө жасап жаткан аракеттерге токтолуп, сионисттик режим курмандыктын ролун ойноп, палестиналыктарга зулум кылууну, карапайым калкка кол салууларды жана Газанын жашоочуларын өлтүрүүнү эки эселентүүгө аракет кылып жатканын белгиледи.  Ал сионисттик режимдин жетекчилиги жана алардын колдоочулары Газанын тургундарын геноцид кылуу жана массалык түрдө өлтүрүү өздөрүнүн башына коркунучтуу балээ болуп тийерин эстен чыгарбашы керектигин эскертти.

Буга чейин Ирандын БУУдагы өкүлчүлүгү Тегеран ХАМАСтын Израилге жасаган чабуулуна тиешеси жок экенин билдирген.

Палестиналык ХАМАС кыймылынын чет жактагы жетекчилигинин мүчөсү Али Барака дагы кыймыл Израилдеги операцияны баштоого Ирандан жардам же жашыл жарык алган деген дооматтарды четке каккан.

Мындан тышкары, Израилде Ирандын палестиналык ХАМАС кыймылынын операциясына катышканы тууралуу далилдер жок, экенин америкалык жана израилдик бийлик өкүлдөрүнө шилтеме берүү менен Politico басылмасы жазган.

Израиль 7-октябрдан бери палестиналык ХАМАС кыймылынын Израилге каршы “Аль-Акса топон суусу” операциясына жооп ирээтинде Газа секторуна массалык абадан сокку урууда. Ошондой эле Тель-Авив Газа тилкесин толук блокадага алганын жарыялады.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматына караганда, каза болгондордун саны 687ден ашып, 4200дөй киши жаракат алды. Ал эми Израиль тараптан каза болгондордун саны 900дөн ашканы маалымдалды.

Комментарий жиберүү