Израиль Газа тилкесин урандыга айлантууда

Израил армиясы Газа тилкесин массалык бомбалоосун улантып жаткандыктан, ал жерде курмандыктардын жана жарадар болгондордун саны улам өсүүдө. ХАМАСтын Израилге каршы операциясынан кийин Израилдин коргоо министри Йоав Галлант Газа тилкесин «толук блокадага» алууга буйрук берип, Палестинага электр энергиясын, азык-түлүк, суу жана күйүүчү май өткөрүүнү токтотту.

Палестина бийликтери 7-октябрдан бери Газа тилкесинде кеминде 900өн кем эмес киши набыт болгонун, анын ичинде 140 бала жана дагы 4 миңдей киши жарадар болгонун билдирди. Израилден айырмаланып, Газа тилкесинде аба чабуулдарын эскертүүчү сиреналар жана бомбадан баш калкалоочу жайлар жок, палестиндер же качып үлгүрүштү же БУУнун карамагындагы мектептерде же аба соккуларынан талкаланган үйлөрүнүн жанында жашынып жатышат.

7-октябрдан бери уланып жаткан кагылышууларда Газанын бир кездеги жандуу аймактары азыр урандыга айланып, кээ бир айматар жер менен жексен болду.

Комментарий жиберүү