Израиль Газа секторун толук блокадага алды

Израиль бийлиги Газа тилкесин толук блокадага алуу боюнча буйрук берип, электр жарыгын жана сууну өчүрүп, азык-түлүк жана күйүүчү май өткөрүүнү токтотту. Газада 2,3 миллионго жакын адам жашайт, алардын 80%ы гуманитардык жардамдан көз каранды.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, ишембиден бери ал жакка гуманитардык жардам келе элек.

Кечээ, 9-октябрда Израилдин коргоо министри Йоав Галант Газа секторун толугу менен блокадага алууга буйрук берди. Ал Газа секторуна  азык-түлүк, электр энергиясы жана күйүчү май өткөрүлбөй турганын билдирди.

Өз кезегинде Израилдин энергетика министри Исраэль Кац Газа секторуна суу берүүнү токтоосуз токтотууга буйрук бергенин билдирди.

Натыйжада көптөгөн палестиналыктар электр жарыгысыз жана интернетсиз калышты. Эми жакында суу жана азык-түлүксүз калышы мүмкүн.

Буга байланыштуу БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо боюнча кеңсесинин өкүлү Йенс Лаерке Израиль бийлигини Газа тилкесине суу берүүнү токтотуу чечими бул аймакта ичүүчү суунун кескин тартыштыгына алып келерин билдирди.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги Израилдин аракеттеринин натыйжасында Газанын медициналык мекемелеринде дары-дармек жана башка керектүү буюмдар, ошондой эле күйүүчү май жетишсиз болуп жатканын мурда эскерткен.

БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Волкер Тюрк Газа тилкесин толук масштабдуу блокадага алуу кабыл алынгыс экенин жана эл аралык гуманитардык укукту бузат деп билдирди.

«Жай тургундардын жашоосу үчүн зарыл болгон товарларга жетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып, алардын өмүрүн тобокелге салган блокадага эл аралык гуманитардык укук тарабынан тыюу салынган», — деген Тюрк.

Мындан тышкары, ал эл аралык коомчулукту Израиль менен ХАМАС кыймылынын ортосундагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча чараларды көрүүгө чакырды.

Израил 7-октябрдан бери палестиналык ХАМАС кыймылынын Израилге каршы “Аль-Акса топон суусу” операциясына жооп ирээтинде Газа секторуна массалык абадан сокку урууда.  Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматына караганда, каза болгондордун саны 560тан ашып, 2750дөй киши жаракат алды.

Комментарий жиберүү