ХАМАС Израилдеги операцияга Ирандын катыштыгын четке какты

Палестиналык ХАМАС кыймылынын чет жактагы жетекчилигинин мүчөсү Али Барака Израилдеги операцияны баштоого Ирандан жардам же жашыл жарык алган деген дооматтарды четке какты.

Бул тууралуу Associated Press агенттигине шилтеме берүү менен РИА Новости жазды.

«Ал өткөн аптада Бейрутта өткөн жолугушууда ирандык аткаминерлер чабуул уюштурууну пландаштырууга жардам бергенин же аны баштоого жашыл жарык бергенин четке какты «, — деп билдирди агенттик.

Барака өткөн аптада кыймылдын жогорку командачылыгынан же анын саясий бөлүмүнөн эч ким Бейрутка барган эместигин кошумчалады.

Ал ошондой эле Израилге каршы операцияга ХАМАСтын дээрлик 2 миңдей күчү катышып жатканын, Газа секторунда дагы 40 миңдей аскер күчтөрү бар экенин билдирди.

ХАМАСтын өкүлү Израилге каршы операцияга Тель-Авивдин акыркы жылдагы бир катар аракеттери, анын ичинде палестиналык туткундарга кысымдын күчөшү себепчи болгонун кошумчалады.

Мындан тышкары, Барака Израилдеги операцияга бир жылдан ашуун убакыт бою даярдык көрүлгөнүн билдирген.

Ал ошондой эле операция АКШнын Израиль менен Сауд Арабиянын ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу аракеттерин үзгүлтүккө учуратууга багытталган деген божомолдорду четке какты.

Израиль-Палестина жаңжалы

7-октябрда эртең менен Израиль Газа тилкесинен болуп көрбөгөндөй ракеталык чабуулга кабылды. Массалык ракеталык чабуулдардан кийин палестиналык ХАМАС кыймылынын мүчөлөрү Израилдин түштүгүндөгү чек ара аймактарына кирип келишкен.

ХАМАС Израилге каршы “Аль-Акса топон суусу” операциясын жарыялады. Израиль армиясы ага жооп катары Газа тилкесинде ХАМАСка каршы «Темир кылычр» операциясын баштаганын жар салды.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху элге кайрылуусунда өлкө согуш абалында экенин айтып, резервдерди кеңири мобилизациялоого буйрук бергенин айтты.

Куралдуу жаңжалда эки тарапта тең жоготуулар болууда. Израилде каза болгондордун саны 900дөн ашканын Haaretz кечээ, 9-октябрда билдирди. Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматына караганда, Израилдин Газа тилкесине жасаган соккусунан каза болгондордун саны 560тан ашты.

ХАМАСтын аскердик канаты болгон “Аль-Кассам” бригадасы ондогон израилдик аскерлер менен офицерлерди туткунга алышканын билдирди. ХАМАСтын саясий бюросунун мүчөсү Муса Абу Марзук кийинчерээк Израилдин 100дөн ашуун жараны, анын ичинде жогорку даражалуу аскер кызматкерлери туткунга алынып, Газа тилкесинде кармалып турганын билдирди.

Комментарий жиберүү