ХАМАСтын Израилге жасаган чабуулунун кесепети кандай болот? Эксперттин пикири

Израил менен палестиналык ХАМАС кыймылынын ортосундагы аскердик жаңжал премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун кызматтан кетишине алып келиши мүмкүн.

Бул тууралуу Израиль жана Жакынкы Чыгыш боюнча эксперт Александр Каргин Газета.Ру сайтына билдирди.

Эксперт Тель-Авив акыры күчүн топтоп, ХАМАСты артка сүртө алат деп эсептейт. Ошол эле учурда ал мындай мисал, эгер Израиль бул палестиналык кыймылга туруштук бере албаса, араб дүйнөсүндөгү башка мамлекеттерди бул аскердик кагылышууга катышууга шыктандырышы мүмкүн деди.

Израиль-Палестина жаңжалы

Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы жаңы жаңжал 7-октябрда башталды.

Палестиналык ХАМАС кыймылы Израилге каршы «Аль-Акса топон суусу» операциясын баштаганын жар салып, Израилдин аймагына миңдеген ракета учурган. Эртең менен жасалган массалык ракеталык чабуулдардан кийин ХАМАСТын мүчөлөрү Израиль менен чек арадагы шаарларга кирип келген.

Израиль армиясы ага жооп катары Газа секторунда ХАМАСка каршы «Темир кылыч» операциясын баштап, Газага абадан сокку уруп жатат.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өлкө согуш абалында экенин айтып, резервдерди кеңири мобилизациялоого буйрук берген.

Куралдуу жаңжалда эки тарапта тең жоготуулар болууда. Акыркы маалыматтарга караганда, израилдик тараптан 700дөн ашуун адам набыт болуп, 2000ден ашууну жарадар болуп, жүздөгөн адамдар дайынсыз жоголгон; Палестина тараптан 400дөн ашык киши каза таап, 2000ден ашууну жарадар болду.

Израилдин түштүгүндө жана Газа тилкесиндеги активдүү салгылашуулар жүрүп жаткан аймактарда эки тарап тең жарандарды эвакуациялоодо.

Комментарий жиберүү