Ирандын президенти БРИКСтин саммитине катышат

Ирандын президенти Ибрахим Раиси 23-августта Йоханнесбургда өтө турган БРИКСке мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитине катышат, деп маалымдады «Tasnim News» агенттиги.

«Ирандын президенти Түштүк Африканын президенти Сирил Рамафосанын расмий чакыруусу менен шаршемби күнү (23-августта — ред.) Йоханнесбургга БРИКСтин 15-саммитине катышуу үчүн жөнөп кетет», — деп айтылат маалыматта.

БРИКС саммити 22-24-август күндөрү Йоханнесбургда өтөт, ага Кытай, Индия, Бразилия жана Түштүк Африканын лидерлери катышат, Россиянын атынан Тышкы иштер министри Сергей Лавров катышат.

РФ президенти Владимир Путин саммитке видеоконференция аркылуу катыша турганын билдирген.

Саммитинин катышуучулары биримдикти кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашары маалымдалган.БРИКС Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африканы бириктирет, бирок жакында эле экономикалык блокко кошулуу каалоосун кеминде 19 мамлекет, анын ичинде Аргентина, Иран, Алжир, Тунис, Түркия, Сауд Арабиясы жана Египет билдирди.

Комментарий жиберүү