Си Цзиньпин БРИКСтин кеңейишин «тарыхый» деп атады

  БРИКСтин учурдагы кеңейиши тарыхый мүнөзгө ээ жана бирикмеге мүчө мамлекеттердин өнүгүп келе жаткан өлкөлөр менен кызматташууга чечкиндүүлүгүн чагылдырат.

Бул тууралуу Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин билдирди.

Буга чейин Түштүк Африканын президенти Сирил Рамафоса Йоханнесбургда өткөн БРИКСтин 15-саммитинин жүрүшүндө Аргентина, Египет, Иран, Эфиопия, Бириккен Араб Эмираттары жана Сауд Аравияны БРИКСке кошулууга расмий чакырылганын жарыялаган. Ал БРИКСке кошулган жаңы өлкөлөрдүн толук кандуу мүчөлүгү 2024-жылдын 1-январынан тарта башталарын айткан.

«Беш өлкөнүн лидерлери Сауд Арабияны, Египетти, Бириккен Араб Эмираттарын, Аргентина, Иран жана Эфиопияны БРИКСтин чоң үй-бүлөсүнө мүчө болууга чакырууга бир добуштан макул болушту. Кытай тарап бул өлкөлөрдү куттуктайт», — деди Си Цзиньпин.

Анын айтымында, БРИКСтин бардык өлкөлөрү маанилүү таасирге ээ жана дүйнөдөгү тынчтык жана өнүгүү үчүн олуттуу жоопкерчиликке ээ.

“(БРИКСтин кеңейүүсү – ред.) эл аралык коомчулуктун күтүүсүнө жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн жалпы кызыкчылыктарына дал келет”, — деп кошумчалады Си Цзиньпин.

Ал ошондой эле жаңы мүчө-өлкөлөрдүн кириши БРИКС алкагында кызматташуунун жаңы башталгыч чекити болуп, бирикменин кызматташуу механизмине жаңы энергия алып келерин, ошондой эле дүйнө жүзү боюнча тынчтыктын жана өнүгүүнүн күчүн мындан ары да бекемдей турганын белгиледи.

БРИКСтин саммити Йоханнесбургда 22-24-август күндөрү өтүп жатат, ага Кытай, Индия, Бразилия жана Түштүк Африканын лидерлери, Рфтин атынан Тышкы иштер министри Сергей Лавров катышууда. Россиянын президенти Владимир Путин саммитке видеоконференция аркылуу катышты.

Буга чейин саммиттин катышуучулары биримдикти кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашары маалымдалган.

БРИКС Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африканы бириктирет, бирок жакында эле экономикалык блокко кошулуу каалоосун кеминде 19 мамлекет, анын ичинде Аргентина, Иран, Алжир, Тунис, Түркия, Сауд Арабиясы жана Египет билдирген.

Комментарий жиберүү