Иран, Сауд Аравия… Беш өлкө БРИКСке жаңы мүчө болот

Аргентина, Иран, Сауд Аравия, Египет жана Бириккен Араб Эмираттары БРИКСтин жаңы мүчөлөрү болорун бразилиялык UOL маалымат порталы саммиттин жыйынтыктоочу документинин долбооруна таянуу менен билдирди.

Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, жаңы катышуучу-өлкөлөр географиялык принцип боюнча бөлүштүрүлгөн.

«БРИКС уюму дагы беш өлкөгө кеңейгенин жарыялайт… Өлкөлөрдүн акыркы тизмесине: Сауд Аравия, Аргентина, Иран, Бириккен Араб Эмираттары, Египет кирет», — деп айтылат маалыматта.

Порталдын маалыматы боюнча географиялык тең салмактуулукту сактоо үчүн тизмеге Африкадан дагы бир өлкө кириши мүмкүн.

Буга чейин Түштүк Африканын тышкы иштер министри Наледи Пандор БРИКС анын принциптерин камтыган документти кабыл алып, кеңейүү маселеси боюнча макулдашканын билдирген.

БРИКСтин саммити Йоханнесбургда 22-24-август күндөрү өтүп жатат, ага Кытай, Индия, Бразилия жана Түштүк Африканын лидерлери, Рфтин атынан Тышкы иштер министри Сергей Лавров катышууда. Россиянын президенти Владимир Путин саммитке видеоконференция аркылуу катышты.

Буга чейин саммиттин катышуучулары биримдикти кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашары маалымдалган.

БРИКС Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африканы бириктирет, бирок жакында эле экономикалык блокко кошулуу каалоосун кеминде 19 мамлекет, анын ичинде Аргентина, Иран, Алжир, Тунис, Түркия, Сауд Арабиясы жана Египет билдирген.

Комментарий жиберүү