Ирандын президенти Ибрахим Раиси жакынкы айларда Москвага иш сапары менен барышы мүмкүн.
Бул тууралуу орус ЖМКлары жазды.
Бул тууралуу Орусия мамлекетинин башчысы Владимир Путин Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында билдирди.
“Биз Иран маселеси боюнча сүйлөштүк, Ирандын президенти менин чакыруумду кабыл алып, келерки жылдын башында Орусияга сапары менен келет деп ишенем”, – деди Путин.
Путиндин айтымында, Грециянын премьер-министри менен болгон жолугушууда Ирандын өзөктүк программасы боюнча маселе талкууланган.
Путин ирандык кесиптеши Раисинин Орусияга боло турган сапары 2022-жылдын башында күтүлүп жатканын айтты.