Ирандын президенти Москвага иш сапары менен барат

Ирандын президенти Ибрахим Раиси жакынкы айларда Москвага иш сапары менен барышы мүмкүн. 

Бул тууралуу орус ЖМКлары жазды.

Бул тууралуу Орусия мамлекетинин башчысы Владимир Путин Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында билдирди.

“Биз Иран маселеси боюнча сүйлөштүк, Ирандын президенти менин чакыруумду кабыл алып,   келерки жылдын башында Орусияга сапары менен келет деп ишенем”, – деди Путин.  

Путиндин айтымында, Грециянын премьер-министри менен болгон жолугушууда Ирандын өзөктүк программасы боюнча маселе талкууланган.

Путин ирандык кесиптеши Раисинин Орусияга боло турган сапары 2022-жылдын башында күтүлүп жатканын айтты.

Комментарий жиберүү