«Омикрон» вирусунун аныкталышы кыйын болгон мутациясы пайда болду

Тез эле дүйнөнүн бир нече мамлекетине тарап, коомчулукту тынчсыздандырган «омикрон» вирусунун мутациясы аныкталды.

Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

«Омикрондун» мутациясы учурда Түштүк Африкада, Австралияда жана Канадада табылган.

Австралияда аталган штамдын мутациясы Түштүк Африкадан келген адамдан аныкталган. Ага BA-2 деген ат беришкен жана ал «омикрон» сыяктуу жугуштуу болушу мүмкүн экени айтылууда.

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министри Питер Эйткендин айтымына караганда, омикрондун жаңы вариантында геномдук мутациялардын жарымына жакыны гана болгондугуна байланыштуу аны кадимки ыкмалар менен аныктоо кыйын.

Бирок, жаңы вирустун жугуштуулугу жана вакциналардын таасири жөнүндө азырынча так маалымат жок.

Жаңы варианттын пайда болушу омикрондун адам организмине тийгизген таасирин, анын жугуу жөндөмдүүлүгүн жана бул вариантка каршы эң эффективдүү вакциналарды баалоого аракет кылган окумуштууларды таң калтырышы мүмкүн экени айтылды.

Комментарий жиберүү