Иран менен Сауд Аравиянын ТИМ башчыларынын алгачкы расмий жолугушуусу

 Сауд Аравия менен Ирандын тышкы иштер министрлери Фейсал бин Фархан Аль Сауд менен Хоссейн Амир Абдоллахиан бүгүн, 6-апрелде Пекинде жолугушту, бул эки өлкөнүн ТИМ башчыларынын жети жылдан ашуун убакыттан бери биринчи жолу расмий жолугушуусу болду.

Бул тууралуу Кытайдын борбордук телеканалы билдиргенин РИА Новости жазды.

Буга чейин Сауд Аравиянын “Аш-Шарк аль-Аусат” гезити өз булактарына таянып, эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелерди калыбына келтирүү боюнча келишимди активдештирүү үчүн Пекинде жолугушуу даярдалып жатканын жазган.

Маалымат булактары эки министрдин жолугушуу жери катары Пекиндин тандалышы Кытайдын бул өлкөлөрдү элдештирүүдөгү жана алардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жеңилдетүүдөгү ролуна байланыштуу экенин жазышты.

Эки өлкөнүн ТИМ башчылары Пекинге барар алдында бир нече жолу телефон аркылуу сүйлөшүп, Тегеран менен Эр-Рияддын дипломатиялык мамилелерди калыбына келтирүү жана башка келишимдерди демилгелөө кадамдарын талкуулашкан.Пекиндеги бүгүнкү жолугушууда эки өлкөнүн министрлери кол коюлган биргелешкен билдирүүдө дипломатиялык мамилелерди калыбына келтирүү жана жабылган эки өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн кайра ачууга даярдыктарды баштоо ниетин ырасташканын саудиялык Аль-Ихбария телеканалы билдирди.

Анын маалыматына караганда, Эр-Рияд менен Тегерандын ортосундагы келишимдин пункттарынын арасында «эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелерди калыбына келтирүү жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү ачууга даярдыктарды баштоо боюнча 10-мартта жетишилген макулдашууну ырастоо камтылган».Тараптар ошондой эле «расмий визиттерди жана жеке делегациялардын сапарларын кайра баштоону» макулдашты.Март айынын башында Иран менен Сауд Аравия Кытайдын ортомчулугу менен жети жыл мурда үзүлгөн дипломатиялык мамилелерди калыбына келтирүү жана 60 күндүн ичинде элчиликтерин ачуу келишимине кол коюшкан. Биргелешкен билдирүүгө Пекиндеги бир нече күндүк сүйлөшүүлөрдөн кийин кол коюлган.Дипломатиялык мамилелердин үзүлүшү

Эр-Рияд менен Тегерандын мамилеси 2015-жылдын март айында Сауд Аравия жетектеген коалициянын Йеменде “Ансар Аллахка” (хуситтерге) каршы аскердик операциясын башташы жана 2015-жылы сентябрда Сауд Аравиянын Мина шаарында болгон тыгында жүздөгөн ирандык зыяратчылардын өлүмү Тегеран менен Эр-Рияддын ортосундагы чыңалуунун курчушуна шарт түзгөн.

2016-жылдын январында Сауд Аравиянын Тегерандагы элчилигине жана Мешхеддеги консулдугуна Эр-Риядда белгилүү шиит динаятчы шейх Нимр ан-Нимрдин өлүм жазасына тартылышына нааразы болгон демонстранттар кол салгандан кийин, падышалык Иран менен дипломатиялык мамилесин үзгөн.

2016-жылдын 2-январында Сауд Аравиянын ИИМи шиит диний үгүтчүсү Нимр ан-Нимрди баш кылып 47 кишини өлүм жазасына тартканы тууралуу билдирүү тараткан. Тегеран диний үгүтчүнүн өлтүрүлүшүн катуу сынга алып, Иранда массалык нааразылык акциялар өткөн. Сауд Аравиянын Тегеран жана Мешхед шаарларындагы дипломатиялык мекемелер алардын чабуулуна кабылган. Бул окуяны Сауд Аравиянын тышкы иштер министри Адель аль-Жубейр Иран менен дипломатиялык мамилени үзүүнүн себеби катары атаган.

Шиит диниятчы Нимр ал-Нимр 2012-жылы өлкөнүн чыгышындагы нааразылык акциялары маалында сауд бийлиги тарабынан кармалган. Ага диний ажырымды күчөткөн деген айып тагылып, 2014-жылы өлүм жазасына кесилген. Адам укугун коргоочу уюмдар диниятчы саясий курмандыкка айланганын, ал адамдарды тынчтык митингдерге гана чакырганын белгилешкен.

Эки өлкөнүн мамилелери алда канча мурда эле калыбына келтирүү мүмкүн эле, бирок ага тоскоол болгон окуялар дайым болуп, мамилелерде улам чыңалуулар жаралып турган.

Өлкөлөрдүн ансыз да чыңалышкан мамилелерин Эр-Рияд тарабынан каржылаган «Iran International» телеканалы да солгундатып турган. Аталган канал 2017-жылы Лондондо Иран өкмөтүнө каршы пропагандалык өнөктүктүн алкагында негизделген.

Канал – Иран калкы үчүн перс тилинде спутник аркылуу телеберүүлөрдү тараткан чет элдик маалымат каражаттарынын бири. Ирандагы нааразылык акциялары учурунда телеканал Иран бийлигинин аракеттерин активдүү сынга алган. 

Иран бийлиги Эр-Рияд бул телеканал аркылуу Ирандын ички иштерине кийлигишип, ирандык жаштарды Ислам Республикасынын мыйзамдуу бийлигине каршы коюуга аракет кылууда деп айыптаган. 

Комментарий жиберүү