Иран ТИМи: «Ирандын ракеталары сүйлөшүүлөргө эмес, учурууга арналган»

Иран менен АКШ согушту 60 күнгө токтотуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту. Документке аралыктан, электрондук түрдө кол коюлуп, күчүнө кирди. Эки тарап тең келишимге кол коюлганын ырасташты.

АКШ менен Ирандын ортосундагы меморандумдун акыркы толук тексти жарыяланды. Ал 14 пункттан турат. Тынчтык жөнүндө документке «Америка Кошмо Штаттары менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Исламабад өз ара түшүнүшүү меморандуму» деген аталыш берилип, тексти англис жана фарсы тилдеринде даярдалды.

Өз ара түшүнүшүү меморандуму бардык фронттордо, анын ичинде Ливанда дагы согуштук аракеттерди токтотууну, Ормуз кысыгын  ачууну жана Иранга АКШ тарабынан аскердик-деңиз блокадасын токтотууну камтыйт.

Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Эсмаил Багаи телеканалдардын бирине берген маегинде жетишилген келишимдин чоо-жайына токтолуп, Иран кандай гана шарт болбосун өзүнүн досторун жалгыз калтырбай турганын көрсөткөнүн белгиледи.

“Биз үчүн Ливандагы ок атышууну токтотуу жана согушту аяктоо маселеси Иран сыяктуу эле маанилүү болгон жана маанилүү бойдон калууда. Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун биринчи бөлүгүндө Ливандын аты үч жолу аталган. Анда Ливандын аймактык бүтүндүгүн жана улуттук эгемендүүлүгүн урматтоо маселеси да камтылган”, – деди Багаи.

Ал АКШ менен азыркы этапта согушту токтотуу боюнча келишимге кол коюлганы өткөндү жана чоң курмандыктардын эсебинен алган сабактарды унуттук дегенди билдирбей турганын белгиледи.

“Азыр биздин иш мурдагыдан да оор болуп калды. Анткени эл аралык келишимдерди ишке ашыруу аларды даярдоого караганда кыйла татаал. Айрыкча өз милдеттенмелерин аткарбаган тараптар менен иш алып барууда кыйынчылыктар көп болот. Бирок дипломатиялык аппарат элдин ар тараптуу колдоосуна жана Кудайга болгон ишенимине таянып, биздин улуттук кызыкчылыктарды камсыздай турган текстке жетише алды деп эсептейбиз”, – деди ал.

Багаинин айтымында, мындан ары келишимди ишке ашыруу процессинде бардык тараптар өтө кылдат болушу керек.

“Каршы тарап өзүнө алган милдеттенмелерин сөзсүз аткарууга аргасыз боло тургандай аракеттер көрүлүшү зарыл. Бул өтө маанилүү”, — деди ал.

Расмий өкүл билдиргендей, бул жараян менен Ирандын иши аяктаган жок, тескерисинче жаңы этап башталды.

Анын айтымында, бир жагынан каршы тараптын келишимди аткаруусун көзөмөлдөө керек болсо, экинчи жагынан өзөктүк программа жана санкцияларды алып салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарыл.

Ал белгилегендей, Иран жетекчилиги ушул этапта өзөктүк маселе боюнча сүйлөшүү жүргүзбөө чечимин кабыл алган.

“Иран жетекчилигинин акылман чечими ушул этапта өзөктүк маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөөдө болду. Негизги көңүл согушту токтотууга бурулду жана биз бул максатка жеттик. Эми меморандум күчүнө кирген учурдан тартып 60 күндүн ичинде өзөктүк программа жана санкцияларды алып салуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Эгер сүйлөшүүлөр мындан эрте жыйынтыкталса, бул жакшы болот. Бирок маселенин татаалдыгын эске алганда, 60 күндүк мөөнөт негиздүү деп эсептейбиз. Зарыл болсо бул мөөнөт узартылышы мүмкүн”, — деди ал.

Дипломаттын айтымында, баштапкы макулдашууга ылайык, 30 күндүн ичинде блокада алынууга тийиш болгон жана ага жооп катары Иран да Ормуз кысыгы боюнча тиешелүү чараларды көрмөк. Бирок Израилдин Ливандын чет жакасына кол салуусунан кийин жана Иран тарабынан айтылган олуттуу эскертүүлөрдөн соң шашылыш сүйлөшүүлөр өткөрүлгөн.

Багаи билдиргендей, анын жыйынтыгында АКШ өз милдеттенмелерин дароо аткарууга макул болгон.

Анын айтымында, жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында ирандык кемелер портторго тоскоолдуксуз кирип-чыгып жатканы аныкталган.

“Бул АКШ тарабынан блокаданы алып салуу боюнча милдеттенмелердин аткарылышы башталганын көрсөтөт. Биздин милдеттенмелер болсо ушул документке кол коюлгандан кийин күчүнө кирет”, — деди ал.

Ирандын ракеталары сүйлөшүүгө эмес, учурууга арналган

Багаи Ирандын коргонуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча эч кандай сүйлөшүү жүргүзүлбөй турганын билдирди. Анын айтымында, өлкөнүн ракеталык потенциалы эч качан сүйлөшүүлөрдүн предмети болбойт.

“Биздин ракеталарыбыз сүйлөшүүлөр үчүн эмес, учуруу үчүн гана керек. Өлкөнүн коргонуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча эч кандай форматта жана эч бир тарап менен сүйлөшүү жүргүзүлбөйт”, — деди ал.

Дипломат белгилегендей, Иран Ормуз кысыгы аркылуу көрсөтүлгөн кызматтар үчүн акы алат. Учурда Ормуз кысыгын башкаруунун механизмдери жана тартиптери иштелип чыгууда.

Багаи кошумчалагандай, Оман менен консультациялар көп убакыт мурда башталган жана бул багытта башка мамлекеттер менен да сүйлөшүүлөр өткөрүлгөн. Ормуз кысыгын башкаруу боюнча негизги механизмдер Оман менен дээрлик толук макулдашылган.

“Кеме жүрүүсүнүн коопсуздугу Иран Ислам Республикасынын Ормуз кысыгындагы суверендүүлүгүн сактоо менен камсыздалат. Ормуз кысыгынын жээгинде жайгашкан эки гана мамлекет бар — Иран жана Оман”, — деди ал.

Багаи ошондой эле Иран элине каршы жасалган аракеттерди документтештирүү жана алар боюнча эл аралык деңгээлде укуктук баа берүү иштерин өлкө токтотпой турганын билдирди.

Анын айтымында, Иран өз укуктарын коргоо үчүн бардык эл аралык механизмдерди жана институттарды пайдаланат. Дипломат белгилегендей, бул маселелер меморандумдун алкагынан тышкары каралат.

Каршы тараптын милдеттенмелеринин аткарылышы катуу көзөмөлдөнөт

Багаи билдиргендей, эгер АКШ өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбаса, Иран дагы өз милдеттенмелерин аткарбайт. Иран өз милдеттенмелерин каршы тарап дагы өзүнө алган милдеттенмелерди аткарган учурда гана ишке ашырат.

Анын айтымында, байытылган өзөктүк материалдарды өлкөдөн сыртка чыгаруу Иран үчүн кабыл алынгыс шарт бойдон калууда. Дипломат белгилегендей, байытылган материалдарды суюлтуу жаңы сунуш эмес жана учурда мүмкүн болгон варианттардын бири катары гана каралууда.

“Байытылган өзөктүк материалдарды өлкөнүн аймагынан сыртка чыгаруу биз үчүн таптакыр кабыл алынгыс вариант”, — деди ал.

Меморандумдун тексти англис жана фарсы тилдеринде кол коюлду

Багаи билдиргендей, меморандумдун тексти англис жана фарсы тилдеринде даярдалып, эки тилде тең кол коюлган.

Анын айтымында, бул маселе Иран үчүн принципиалдуу мааниге ээ болгон.

“Биз документ сөзсүз англис жана фарсы тилдеринде болушу керек деп талап кылдык. Бул биздин маалымат саясатындагы ачык-айкындуулуктун жогорку деңгээлин көрсөтөт. Эгер документ англис тилинде гана болгондо, анын котормосунда ар кандай субъективдүү түшүндүрмөлөр жаралышы мүмкүн эле. Фарсы тилиндеги текст англис тилиндеги вариантка толук дал келет жана биздин көз карашыбыз боюнча экөө тең бирдей юридикалык күчкө ээ”, — деди Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Эсмаил Багаи.