“Ислам мамлекети” террордук уюму, ХАМАС-Израил жана Россия менен Украинанын ортосундагы согуштар тууралуу саясый эксперт Медербек Корганбаев менен маек.
– Медербек мырза, өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топ Сирия жана Ирактын аймактарынан сүрүлүп чыгарылып, 2019-жылы март айында “ИМ” тобу талкаланды деп жарыяланган. Бирок “ИМ” акыркы кезде “Талибан” бийликке келген Афганистанда кайрадан баш көтөрүп жандана башташынын себеби эмнеде?
– “Ислам мамлекети” деп аталган террористтик уюм бир кезде Батыштын чоң геосаясий куралы болгон деп айтсам жаңылышпаймын. Анткени 2014-жылдан тартып “ИМ” террористтик кыймылы Сирия жана Ирак өлкөлөрүнүн чоң аймактарын басып алып, көзөмөл жүргүзүп турган. “ИМ” Сириянын, Ирактын бийлигине, күрт элдерине жана ошол кезде Сирияга жардамга келген иран жана орус аскерлерине каршы согушуп келген. “ИМ”нин Сирияда жана Иракта жүргүзгөн террордук ишмердүүлүгүнө Батыш өлкөлөрү, көбүнчө АКШ абдан кызыкдар болгон. “ИМ” талкаланып жок болгондон соң, ал уюмдун кээ бир бөлүктөрү Афганистанга карай кетишип, ал жакта отурукташып калган.
Афганистандагы талибан кыймылы “ИМ”нин өлкөгө келишине каршы болгон. Анткени талибан Афганистандын аймагына бөтөн куралуу күчтөрдүн келүүсүн эч качан жактырчу эмес. Менин оюмча, “Ислам Мамлекетинин” жоочуларынын афган жеринде баш калкалоосунун себеби америкалык атайын кызматынын жана талибтердин ортосундагы түзүлгөн жашыруун келишими болушу мүмкүн деп эсептеймин. “ИМ” толук жоголуп кеткен жок, ал кыймылдын мүчөлөрү убактылуу геосаясий күрөшкө катышпай, америкалык чалгындоо кызматынын буйругун күтүп жатышат. Афганистанда жайгашкан “ИМ”нин аскерлери афган тараптан Иранга кол салууга аракет кылышат деген божомолум бар.
Иран албетте, мындай кырдаалда өзүнүн чек ара аймагын коргоо максатында афган-иран чек арасына кошумча аскер жана согуш техникасын жиберүүгө мажбур болот. Балким “ИМ”ге талибан да көмөк көрсөтүп, Ирандын коопсуздугуна коркунуч келтирген көйгөй жаратышат. Ушундай жол аркылуу АКШ Иранды Израилден алаксытып, Тегеран бийлигин еврейлердин жана палестин элдеринин согушунан сүрүп чыгарышат. Себеби Иран ХАМАС кыймылын колдойт.
– “Ислам мамлекетинин” Борбор Азия өлкөлөрүнө коркунучу жокпу же эгер коркунучу болсо, кандай максатты көздөп, аракеттерди жасашы мүмкүн?
– “Ислам мамлекети” террордук кыймылынын курамында 2014-2016 жылдары Борбордук Азия өлкөлөрдүн атуулдары көп болгон, бирок алардын көпчүлүгү Сирияда жана Иракта согушта курман болгон. Тирүү калган мүчөлөр Сирия, Иракта соттолуп, түрмөдө жазасын өтөп жатышат. Биздин жарандар да Иракта абакта отурушат. Меним көз карашымча бүгүнкү күндө “ИМ” тарабынан биздин өлкөгө түздөн-түз коркунуч жок. Бирок Кыргызстанда Сирияга барып, согушка катышып, жашыруун кайтып келген адамдар жок эмес. Алар чекисттердин тилинде уктап жаткан ячейкалар деп аталышат жана кандайдыр бир аларга ылайыктуу кырдаалда өздөрүнүн коркунучтуу пландарын иш жүзүнө ашырууга аракеттенишет.
– Жакында Иран Ислам Республикасынын Керман шаарында генерал Касем Сулейманинин өлтүрүлгөндүгүнүн жылдыгын белгилөө учурунда мүрзөдө катары менен эки жардыруу болуп, андан 89 адам өлүп, 140ка жакыны жарадар болду. Андан көп өтпөй Афганистандын борбору Кабул шаарында да жардыруу болуп, адам өмүрү кыйылды. Кийин бул эки жардырууга тең жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” алды. Эмне үчүн алар мындай кадамга барды?
– “ИМ” террористтик тобу тарабынан Иранда уюштурган жардыруу расмий Тегеран бийлигинин аброюна доо келтирүү максатында жасалган кадам. “ИМ” ушул теракт аркылуу Иранга каршы согуш жарыялады деген ой-пикир пайда болду. Афганистанда болгон жардыруу жергиликтүү шиитерге каршы жасалган. АКШнын атайын кызматы “ИМ”ди Иранга каршы коюп, расмий Тегерандын кызычылыгы бар Сирия жана Иракта жаңы туруксуз жана кооптуу абалды түзүүгө кызыкдар. Эгерде Сирия жана Иракта “ИМ” кыймылы өзүнүн ишмердүүлүгүн кайра баштаса, анда Иран айла жок жогоруда айтылган өлкөлөргө көзөмөлүн жана кызыкчылыгын коргоо максатында бир далай аскер күчтөрүн жиберет. Сириялык президент Башар Асад Ирандын жардамы менен өзүнүн бийлигин сактап келет, ал эми Иракта шииттер көпчүлүк болуп эсептелет. Ошондуктан Иран “ИМ”ге каршы күрөшөт жана Израилдеги абалга аралашпай калат.
– Газа Секторун башкарган ХАМАС кыймылы менен Израилдин ортосундагы согуш да жакын арада бүтчүдөй көрүнбөйт. Анын арты кантип бүтүшү мүмкүн жана келечектеги кесепети кандай болушу мүмкүн?
– Менин оюмча, эгерде ХАМАС Израил тарабынан талкаланып, жок болсо, балким Газа Секторунда согуш аяктап, бийликке ХАМАСтан башка жетекчилик келет. Жаңы палестин жетекчилиги дүйнөлүк өлкөлөрдүн жардамы менен Газа Секторун жаңыдан оңдоп, турмушту калыбына келтирет. Эч кайсы бир араб өлкө Палестинаны коргоймун деп өзүн тобокелге салбайт, гуманитардык жардам берип кутулат.
– Россиянын Украинага атайын аскердик операция жасагандыгына эки жылга жакындап калды. Бирок бул эки өлкөнүн ортосундагы чатак улам татаалдашып, кризис тереңдөөдө. Бул эки бир тууган, дини бир, тили да окшош славян өлкөлөрүнүн чатагы эмне менен бүтүшү мүмкүн жана анын артында турган күчтөрдүн көздөгөн максаты эмне?
– Россия жана Украина ортосундагы согуш көп убакытка, жада калса жылдарга созулат. Себеби Украинаны Батыш өлкөлөрү колдоп жатышат. Эгерде жөнөкөй тилде айтсак, Украина Орусия үчүн геосаясий капканга айланды. Путин Украинага согуш ачып чоң катачылык кетирди. Батыш тарап Украинадагы согуш менен Орусияны алсыз абалга алып келүүнү көздөп жатат. Кайсы согуш болбосун, ал согуш сүйлөшүүлөрдүн жардамы менен аяктайт. Ошондуктан Киев жана Москва ортосунда албетте, сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, эки тарапка туура келген тынчтык келишимин бекитүү зарыл. Башка жол жок. Болбосо согуш токтобойт.
Меним оюмча, Украина жана Орусия өкүлдөрү Казакстанды ортомчу катары тандап, Астанада үч тараптуу жолугушуусун өткөрсө жакшы болмок. Казакстан дүйнөлүк саясий аренада саясий салмагы бар өлкө, ал эми казак ажосу Токаев мыкты дипломат. Казакстандагы сүйлөшүү согушту токтотпосо да, Киев жана Москваны бир аз болсо да тынчтык келишимине жакындатып коймок.
Маектешкен Эмилбек Момунов.